Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/05
Сары-Өзөн айыл аймагында катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- жана 39-беренелерине, ошондой эле «Таза-Айыл» муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган экономикалык негиздемеге ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Өзөн айыл аймагында катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн «Таза-Айыл» муниципалдык ишканасы тарабынан алынуучу төлөмдүн өлчөмү бардык салыктарды эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленсин:
Категория | Ай сайын төлөм |
Жеке турак жайлар | 130 (жүз отуз) сом |
Көп кабаттуу турак жайларда жашаган ар бир адам үчүн | 50 (элүү) сом |
Мекемелер, уюмдар жана ишканалар | 1200 (бир миң эки жүз) сом |
Коммерциялык (юридикалык) жактар | 1380 (бир миң үч жүз сексен) сом |
Эскертүү: курулуш таштандылары, жаныбарлардын кыгы, отун жана көмүрдүн күлү, чөп жана чөп калдыктары чыгарылбайт.
2. Төмөнкү жарандарга жеңилдиктер белгиленсин:
o жалгыз жашаган пенсионерлерге – 100% (акысыз);
o I жана II топтогу майыптарга (жашаган турак жайы өз атына катталган учурда) – 50% жеңилдик;
o жетим балдар жашаган үй-бүлөлөргө – 50% жеңилдик.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрүп, ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын жана таштанды калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдүн колдонулушун көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |