Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/06
Сары-Өзөн айыл аймагынын Төш–Булак–Сокулук каттамы боюнча №372 жалпы пайдалануудагы автомобилдик транспортто жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди жогорулатуу жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 11¹-пунктуна ылайык, «Берекет Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун жана сунушталган экономикалык негиздемесин карап чыгып, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Төш–Булак–Сокулук» багыты боюнча №372 жүргүнчүлөрдү ташуучу маршрутту тейлеген «Берекет Транс» жоопкерчилиги чектелген коомуна жол кире акысын мурда белгиленген өлчөмдөн 10 (он) сомго жогорулатууга макулдук берилсин жана төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
№ | Автобус каттамы | Каттоо багыты | Жол кире акысы (сом) |
1 | №372 | Төш–Булак – Сокулук | 60 |
Конуш – Сокулук | 50 | ||
Саз – Сокулук | 50 | ||
1-Май – Сокулук | 40 | ||
Айыл ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн (каникул мезгилин кошпогондо, окуу мезгилинде) | 0 |
2. Ушул токтом менен бекитилген жол кире акысы 2026-жылдын 1-февралынан тартып колдонулсун.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүп, ченемдик укуктук актыларды Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын жана бекитилген жол кире акысын колдонуу тартибинин сакталышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |