Редакцияот 09.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

 

2023-жылдын 9-августу  №1

 

Суу төлөмдөрүн бекитип  берүү жөнүндө

 

           Достук айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1.Достук айыл өкмөтүнүн Райкомнасос, Манап-Сай, Тубай-1, Тубай-2 насостук станцияларынан суугарылуучу айыл чарба жерлерин сугат суу төлөмү

1 га жерге жылына 2000(эки миң) сом өлчөмүндө Достук тазалык муниципалдык ишканасына төлөнсүн.

 

       2. Достук айыл өкмөтүнүн Райкомнасос, Манап-Сай, Тубай-1, Тубай-2 насостук станцияларынан суу ичкен айыл чарба жерлерине жасалган реабилитациялык жумуштарына алынган насыяларды  кайтарым суммасы элдик жыйындарда, суу чарба кеңештеринин чечимдеринде, келишимдерде  каралган

өлчөмдүн негизинде  Ак-Жол-Суу СПАсына төлөнсүн.

 

        3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга тапшырылсын.

 

  Айылдык кеңештин төрагасы                                                            Н.Мадалиев