САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/09
Сары-Өзөн айыл аймагында юридикалык жана жеке жактардан таштанды чогултуу боюнча төлөмдүн ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга карата юридикалык жана жеке жактар үчүн таштанды чогултуу боюнча төлөмдүн ставкасы ар бир кызматкерге 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
o Төлөмдү төлөө жана жыйымдын эсеби боюнча тиешелүү отчетту тапшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин белгиленсин.
2. Бул токтом белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик нормативдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4/ Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |