Редакцияот 24.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

 

 

2023-жылдын 24-сентябры  №2

 

Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

        Достук айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын кезексиз  XXVIII сессиясы, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин”, “Жер кодексинин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

        1.Шамалды Сай айылынан 70 га, Достук айылынан 60 га жердин  Ген планын жасатуу үчүн республикалык бюджеттен максаттуу келген 1 564 100 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт миң бир жүз) сом акча каражатыны төмөндөгүдөй сарпталсын.

 

         ЖКХ  2215- 1 564 100 Достук жана Шамалды Сай айылынан 130 га жердин Ген планын жасатууга.

        2. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башчы Жусупжан кызы Гга жүктөлсүн.

        3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Бекибаевге милдеттендирилсин.

        4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “Бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

           

  Айылдык кеңештин төрагасы                                                            Н.Мадалиев