Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-апрели № 433-VIII
2026-жылдын 22-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жеенчороев Мирлан Канатбековичтин ант берүүсү;
Ар кандай маселелер;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна Маматканов Улан Эркиновичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2025-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Келечек үчүн билим берүү» долбоору үчүн кошумча каржылоо) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык техникалык жардам жөнүндө макулдашуу-катты («Келечек үчүн билим берүү» долбоору үчүн кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Э.Б. Барыктабасованы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«Б.А. Кыдыралиеваны Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«VIII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025–2026-жылдарга карата сессиялык иш планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым убактылуу депутаттык комиссияларын жоюу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А. Исираиловду Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К. жеенчороевди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |