Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 8-апрели № 366-VIII
2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык 2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К.Асаналиевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К.Асаналиевдин отчету бекитилсин жана канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) социалдык чөйрөгө (саламаттык сактоо, социалдык камсыз кылуу, майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты) өзгөчө көңүл буруу менен адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтсүн, мында бул багыттагы текшерүүлөр конкреттүү социалдык натыйжага жетишүүгө, жарандардын бузулган укуктарын реалдуу калыбына келтирүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылууга, ошондой эле мыйзам бузууларга жол берген адамдарга жоопкерчилик чараларын колдонууга жана мыйзам бузууга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө багытталууга тийиш;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жана балдарга карата зомбулуктан коргоо чараларын (коргоо ордери, тобокелдиктерди баалоо) көрүүнүн жана аткаруунун мыйзамдуулугун көзөмөлдөөнү туруктуу негизде жүзөгө ашырсын, формализмге жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) принциптүү укуктук баа берсин, ошондой эле аялдарга жана балдарга карата зомбулук, инсандын руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар тууралуу иштер боюнча талаптагыдай прокурордук көзөмөл жүргүзүүнү жана негиздүү процессуалдык чечим кабыл алууну контролго алсын жана камсыз кылсын;
3) ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча консультациялык кеңештердин тутумдуу жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылсын, ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо жана контролдоо органдарынын мыйзамсыз кийлигишүү фактыларына ыкчам чара көрсүн; текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, аларды каттоонун өз убагында жүргүзүлүүсүн, ошондой эле аларды жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтсүн;
4) инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ошондой эле аларды талаптагыдай укуктук коргоону камсыз кылуу максатында "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № ПЖ-113 Жарлыгынын талаптарынын кыйшаюусуз аткарылуусуна өзгөчө көңүл бурсун;
5) балдар менен байланышкан кылмыштуулуктун алдын алуу, ведомстволор аралык алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугуна баа берүү, кылмыштарды жаап-жашырууга жол бербөө, ошондой эле мыйзам бузуулардын жасалышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтсүн;
6) Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу боюнча оң натыйжаларга жетишүү максатында "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № ПЖ-137 Жарлыгынын талаптарынын аткарылуусун камсыз кылсын;
7) козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөөнүн сапатын жогорулатууга, кылмыш иштерин мыйзамсыз козгоого, кармоого, камоого, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга, козголгон кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскартууга, токтотуп турууга жол бербөөгө багытталган көзөмөлдү күчөтсүн; күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзсүн;
8) кылмыш иштерин иликтөөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтсүн, алардын ишине тергөө жана изин суутпай издөө ишинин органдарынын негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербесин;
9) коррупциялык жана башка кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катарын тазалоого багытталган иштерди улантсын жана бул багытта көзөмөлдү күчөтсүн;
10) кыйноолордун жана адам укуктарын бузуунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) институтунун өкүлдөрү менен биргеликте текшерүүлөрдү жүргүзүү жана тиешелүү чараларды көрүү практикасын улантсын;
11) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын ишин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды күчөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомдун аткарылышы жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2027-жылдын 1-февралына чейин берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |