Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 340
Айрым мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдар жана чарбалык коомдор үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн жеткирүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактарын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай продукттарынын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, улуттук мунайды кайра иштетүүчү комплексти өнүктүрүү, борборлоштурулган сатып алуулардын натыйжалуу системасын түзүү жана мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
- 57-пункттун 19-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) автомай куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу учурларын кошпогондо, авиациялык, кен казуу, темир жол жана жол-курулуш чөйрөлөрүндө иш жүргүзгөн ишканалардын керектөөлөрү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган жеткирүүчүдөн сатып алуу;".
2. "Кыргыз Мунайзат Корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - "Кыргыз Мунайзат Корпорациясы" ЖЧКсы) төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталдагы үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдардын жана чарбалык коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун керектөөлөрү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн башкы жеткирүүчү болуп аныкталсын:
1) авиациялык;
2) кен казуу;
3) темир жол;
4) жол-курулуш.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдар жана чарбалык коомдор тарабынан иш чөйрөлөрү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн "Кыргыз Мунайзат Корпорациясы" ЖЧКсынан гана сатып алууну камсыз кылсын;
2) күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү контракттарды түзүү үчүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталдагы үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдардын жана чарбалык коомдордун "Кыргыз Мунайзат Корпорациясы" ЖЧКсы менен өз ара аракеттенүүсүн координацияласын;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана анын ведомстволук мамлекеттик ишканалары менен биргеликте жол-курулуш тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай продукттарынын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу үчүн зарыл инфраструктураны түзсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте 2026-2031-жылдарга титулдук тизмени иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын карасын.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдар жана чарбалык коомдор, анын ичинде "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жана анын туунду коомдору, "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому жана анын туунду коомдору күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн "Кыргыз Мунайзат Корпорациясы" ЖЧКсынан сатып алууну жүзөгө ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги кайра иштетүү жана жабдуу чынжырчаларын оптималдаштыруу үчүн чийки затты жана мунай продукттарын түз жеткирүүлөрдү белгилөөдө "Кыргыз Мунайзат Корпорациясы" ЖЧКсына көмөк көрсөтсүн.
6. "Кыргыз Мунайзат Корпорациясы" ЖЧКсына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана чарбалык коомдордун жана алардын туунду коомдорунун өндүрүштүк процесстеринде колдонулуучу тиешелүү сапаттагы күйүүчү-майлоочу материалдардын жана мунай продукттарынын башка түрлөрүнүн керектүү көлөмүн туруктуу жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу;
2) рыноктун конъюнктурасын эске алуу менен жеткирилүүчү күйүүчү-майлоочу материалдарга жана мунай продукттарынын башка түрлөрүнө баа түзүүнү жүзөгө ашыруу.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом 2026-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирүүчү 4, 6-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |