Редакцияот 02.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тилектеш  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги                          XIX отурумунун

                                                             Т О К Т О М У                                   

 

 28.05.2026. № 19/3                                                                            Жаңы-Турмуш айылы

 

 

Коомдук тартипти коргоо, мыйзам бузууларды болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө

 

  Коомдук тартипти коргоо, мыйзам бузууларды болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө айылдык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27- апрелиндеги № 63 “Үй- бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 17, 22-пункутуна ылайык, Тилектеш айылдык  Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XIX сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 17, 22-пунктуна ылайык, айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн.
  2. Айыл өкмөтүнө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аялдарга, балдарга жана үй-бүлөлөргө укуктук маалымат берүү, тиешелүү мекемелер менен биргеликте алдын алуу иш -чараларын уюштуруу милдеттендирилсин.
  3. Участкалык инспекторлорго, аксакалдар сотуна, аялдар кенешине жана социалдык кызматкерлер менен биргеликте үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, тобокелчилик тобундагы үй-бүлөлөрдү көзөмөлдөө тапшырылсын.
  4. Билим берүү мекемелеринде үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо жана зордук-зомбулуктун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                                                     К.Төрөшев