Редакцияот 02.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тилектеш  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги                          XIX отурумунун

                                                             Т О К Т О М У                                  

 

 28.05.2026.№ 19/5                                                                          Жаңы-Турмуш айылы

 

 

Айыл аймагындагы мектептердин олимпиадалык көрсөткүчтөрү жана бала бакчаларда окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө

 

  Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин олимпиадалык көрсөткүчтөрү, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндөгү айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезектеги XIX  сессиясы токтом кылат:

 

  1. 2025-2026-окуу жылынын ичинде Тилектеш айыл аймагындагы мектептерде  жана бала бакчаларда жүргүзүлгөн иш-аракеттери боюнча, айылдык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы берилгендиги белгиленсин.
  2. Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиаданын биринчи турунда көрсөткүчтөрү төмөн болгон мектептерге окуучулардын билим сапатын жана олимпиадага даярдоону күчөтүү жагы тапшырылсын.
  3. Олимпиаданын 1-2- турунан окуучулары алдыңкы орунду ээлеген №46 А.Бейшеев жана №28 Ж.Орозов атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесинин жетекчилеринеайылдык кеңеш тарабынан «Ыраазычылык кат» , предметтик мугалимдери Асилбек кызы Акданага, Сыдыкова Феруза Кочкорбаевнага айылдык кеңештин «Ардак грамотасы»,  ошондой эле №20 К.Турганбаев атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесинин  мугалимдери Сагынбай кызы Зыйнат мугалимдер арасында өткөрүлгөн спорттук мелдеште «Тогуз-Коргоол» боюнча облуста 1-орунду алгандыгы жана Р.Бердиевага окуучуларынын жакшы көрсөткүчтөрү үчүн «Ыраазычылык кат»  даярдалсын.
  4. Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиаданын 3-турунда 1-орунду камсыздагандыгы үчүн, №46 А.Бейшеев атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесинин 8-классынын окуучусу Камчыбекова Алия Өмүрбековнага кызыктыруучу  материалдык колдоо көрсөтүү айыл өкмөткө сунушталсын.
  5. Тилектеш айыл аймагынын Кең-Жылга айылындагы № 29 С.Шабырбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму Манас таануу сынагынын Республикалык турунда 1-орунду ээлегендиги үчүн мекеменин эмгек жамаатына ыраазычылык билдирилсин.
  6. Айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен өз деңгээлинде жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
  7. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, тамагын уюштурууда бардык нормаларды сактоо жана азык-түлүктүн сапатын кароо бала бакчалардын башчыларына тапшырылсын.
  8. Токтомдун аткарылышын  камсыздоо айыл өкмөтүнө, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                               К.Төрөшев