Загрузка документа…
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 22 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-майы № 21
Кош-Дөбө айылындагы “Школьная” көчөсүн “Шаршенов Камчыбек”
деп өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген), ошондой эле Нарзан айыл аймагынын калктуу конуштардагы көчөлөргө жана башка курамдык бөлүктөрүнүн аттарын ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө Жобонун 13-пунктуна ылайык, жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чүй облусу, Москва району, Нарзан айыл аймагынын Кош-Дөбө айылындагы “Школьная” көчөсүнүн аталышы “Шаршенов Камчыбек” деп өзгөртүлсүн.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 29-майында https://narzan.gov.kg/postanovlenia/1185-toktom-2026-zhyldyn-18-mayy-21.html расмий сайтында жарыяланды
4. Жооптуу катчы бул токтомду белгиленген тартипте каттасын жана анын көчүрмөсүн тиркемеси менен бирге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | Э.У.Умутбеков |