Редакцияот 02.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тилектеш  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги                        XIX отурумунун

Т О К Т О М У

 

 28.05.2026. № 19/7                                                                   Жаңы-Турмуш айылы

 

Айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо инспекторунун жана КААБдын  жүргүзүп жаткан иштеринин абалы   жөнүндө

 

Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана таалкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын                                      29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого” таянып, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XIX  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айыл өкмөтүнүн жер маселери жана турак жай боюнча башкы адиси Ж.Зикировдун  айыл аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, айыл чарба жерлерин тактоо,  КБФнын ижарага берилген жерлерин максатуу пайдалануу боюнча маалыматынын негизинде бир катар жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
  2. Кайра бөлүштүрүү фондунун тактоого зарыл болгон жерлерин 15 (он беш) күн мөөнөт ичинде тактатып чыгуу ишин бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын жана жерлерди тактап, бөлүштүрүү максатында конкурстук комиссиянын курамы түзүлсүн.
  3. КРнын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү  типтүү  жобого”жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июндагы № 243 менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү  жобого”  ылайык, конкурстун негизинде   КБФнын чөп чабынды жерлери 5 (беш),  сугат жерлери  5 (беш), бактар 5 (беш) жылдан   кем эмес  мөөнөт  менен ижарага  берилип, төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин:

                        Баштапкы баасы 1 га кайракы жер үчүн   –     1500 сом

                                                                Сугат жер үчүн    -     5000 сом               

                                      Чөп чабынды алыскы жер үчүн    -     500  сом

                                                           Жакынкы жер үчүн   -     1000 сом

                                                                              Бак үчүн    -   5000 сом.

  1. Келишимдин  мөөнөтү бүткөн жарандарга белгиленген тарифте берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөткө, конкурстук комиссиянын курамына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                 К.Төрөшев