КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 2-июну № 195
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
23-мартындагы № 63 «Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Инфраструктураны өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоосунун сапатын жакшыртууга багытталган улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги социалдык маанилүү долбоорлорду системалуу ишке ашырууну камсыз кылуу, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн туруктуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 «Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«мамлекеттик маанидеги долбоорлор – бул мамлекеттик башкаруу, экономика, туризм жана социалдык чөйрө тармагындагы стратегиялык инфраструктуралык объекттерди түзүүгө жана (же) өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу, эл аралык спорттук, маданий, туристтик жана башка коомдук мааниге ээ иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, тартылган каражаттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу жана (же) мамлекеттик активдер салым катары пайдаланылган долбоорлор болуп саналат.».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |