Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 30-апрели № 157
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасында:
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
«91) мамлекеттик органдарга МИКтин Башкармасынын чечимдерине ылайык ушул Программанын шарттарында турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет;»;
– 17-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) профилдик мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары МИКтин объекттеринин иштеши үчүн курулган инженердик курулмаларды (анын ичинде отканаларды, трансформатордук подстанцияларды, жергиликтүү тазалоо курулмаларын/септиктерди жана башка тышкы инженердик тармактарды) андан ары эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө максатында баланска токтоосуз жана акысыз кабыл алууну камсыз кылсын;»;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) турак жай курулушун камтууну оперативдүү көбөйтүү максатында конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн (түз сүйлөшүүлөр методу менен) МИКтин Директорлор кеңешинин чечими боюнча биргелешкен иш жөнүндө макулдашууларды түзүү жолу аркылуу жеке өнөктөштөр тартылат;»;
4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) МИКтин турак жай эмес фондунун объекттеринин наркы МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен белгиленет.»;
– 24-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибинде:
– 2-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы 31-пунктча менен толукталсын:
«31) турак эмес жай – мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган коммерциялык жайлар, цоколдук кабаттар, жер үстүндөгү жана жер астындагы паркингдер, кампалар жана техникалык жайлар;»;
10-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 3-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү – томолой жетимдер (жашы жеткен учурдан тартып).»;
– 4-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго (анын ичинде, курулуш, финансы ресурстарын тартуу, каржылоо же кыймылсыз мүлк объекттерин МИКтин балансына акысыз же акы төлөөчү негизде өткөрүп берүү аркылуу) Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүү жол-жобосун колдонбостон турак жай каржылоосун алууга биринчи кезектеги укук берилет, квота берүү МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат жана төмөнкүлөрдү түзөт:
– Бишкек шаарында жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 10 пайызга чейин;
– региондордо жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 20 пайызга чейин;»;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) болгон турак үйдү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү механизмдеринин алкагында Программага менчик турак үйү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусуна жол берилет. Механизмдер боюнча турак жайды каржылоонун тандоо критерийлери жана шарттары МИКтин Башкармасынын чечимдери менен иштелип чыгат жана бекитилет;»;
7-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Жарандар Программага катышууга өтүнмөлөрдүн электрондук формасын МИКтин расмий веб-сайтында, «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана башка тиркемелерде катталуу жолу менен беришет.»;
– 7, 8, 10-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 9-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) МИКтин веб-сайтында катталган жарандар электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү ар кандай платформалар, анын ичинде уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу аралыктан онлайн-идентификациялоо жол-жобосунан өтө алышат.»;
– 6-главада:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | Ипотекалык кредиттин суммасы зайымчынын төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, ошондой эле МИКтин өнөктөш банктар менен башкы макулдашууларынын жоболоруна ылайык кредиттик келишим түзүлгөн датага карата сатып алынуучу турак үйдүн рыноктук наркына жараша белгиленет. «Топтомо ипотека» продуктунун алкагында – сатып алынган турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан ашык эмес |
»;
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
15 | Баштапкы төгүм (жеке салым) | Багыттар боюнча, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо механизмдери боюнча баштапкы төгүмдүн минималдуу суммасы: – «Социалдык ипотека» турак үйдүн наркынан 10 (он) %дан кем эмес; – «Жеңилдетилген ипотека» турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан кем эмес; – «Арзан ипотека» турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан кем эмес. Катышуучунун жеке салымы болбогон учурда өнөктөш банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү берүүгө, ошондой эле кепилдик фонддорунун финансылык инструменттерин колдонууга жол берилет. «Топтомо ипотека» продуктунун алкагында – катышуучунун МИКтин өнөктөш банкында ачылган депозиттик эсебинде турак үйдүн наркынын 30 (отуз) % пайызы: – катышуучу тарабынан аныкталган мезгил ичинде топтолгон шартта салымдын мөөнөтү 6 айдан кем эмес; – салымдын мөөнөтү 3 айдан кем эмес –топтоо эсеби ачылар замат ага турак үйдүн наркынан 30 % өлчөмүндө акча каражаты бир жолу салынган шартта |
»;
17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
17 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу (күрөө) | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн: – сатып алынган турак үй; – жеке турак үйдү куруу мезгилиндеги жер тилкеси; – ипотекалык кредиттин эсебинен курулган жеке турак үй; – курулуш мезгилинде үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга мүлктүк укук; – ипотекалык кепилдик. МИКтен кошумча каржылоону тартпастан, зайымчынын өздүк каражаттарынын эсебинен турак үйдүн жалпы аянтын көбөйтүүдө мурда колдонулган мамлекеттик программалардын алкагында кредиттөөнүн белгиленген шарттарын сактоо менен ипотекалык кредиттин күрөө предметин алмаштырууга жол берилет. «Топтомо ипотека» продуктунун алкагында – МИК менен өнөктөш банктын ортосунда кызматташуу жөнүндө түзүлгөн макулдашууга жана гарантия/кепилдик келишимине ылайык МИКтин гарантиясы/кепилдиги |
».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33(3793) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |