Редакцияот 05.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

 

24-        апрель 2026-жыл   №15/6                                                                            Асан-Чек айылы

 

    “Кызыл-Тал айылына бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө”

Мады айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тал айылынын тургуну  У.Акматованын жеке менчик үйүнө  Шерикбай атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө   2026-жылдын  12-январь  жазган арызынын жана Жаштар  иштери, спорт,  маданият,  билим, социалдык  маселелер  боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 6-февралындагы отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп, талкуулап токтом кылат:

 

1.            Кызыл-Тал айылында жайгашкан “Шерикбай” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берилсин.

2  Бул   токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин  жаштар  иштери, спорт, маданият,  билим,  социалдык  маселелер  боюнча  депутаттык  туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                           К.С.Темирбаев