Редакцияот 05.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

 

24-апрель 2026-жыл   №15/7                                                                            Асан-Чек айылы

 

“Мады айыл аймагынын Чагыр айылында жайгашкан

№130 Шабы Жумаев атындагы орто мектебине ашкана куруу

 үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө”

 

Мады айыл аймагынын Чагыр айылында жайгашкан №130 Шабы Жумаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн  Ош облустук жана  Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен  ишке ашыруу максатында  2026-жылдын жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө  айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, талкуулап Мады айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1.  Мады   айыл   аймагынын  Чагыр   айылында   жайгашкан  №130  Шабы   Жумаев 

атындагы орто мектебине ашкана  куруу үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  1000000  (бир миллион)  сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  Бул   токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө  жагы   Мады   айылдык  кеңешинин

экономика, финансы, бюджети боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                            К.С.Темирбаев