ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 367-VIII «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө» токтому

Редакция08.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 8-апрели № 367-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Байгазаков Алимжан Топчубаевич, Батиров Пардаали Сулейманович, Жумагулов Уран Аскарбекович, Нурматов Жузупбек Шоконович, Раматилаев Азамат Абдыкадырович, Турдумалиев Алмаз Бегалиевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитор кызмат ордунан бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев