КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 8-апрели № 370-VIII
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ишеним" депутаттык тобу тарабынан сунушталган талапкерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык Сатаев Зарылбек Апасович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |