КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2023-жылдын 20-ноябры № 8
Трансформатор подстанциясын орноту жөнүндө
«Жашыл мурас» долбоорун ишке ашыруу максатында Көк-Ирим айыл аймагынын Келин-Таш участкасындагы жашылдандырууга бөлүнүп берилген жер участогуна суу чыгуу максатында трансформатор орноту керектиги боюнча Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Ирим айыл аймагынын Келин-Таш участкасындагы жашылдандырууга бөлүнүп берилген жер участогунун түндүк тарабындагы бош турган аянттан трансформатор подстанциясын орнотууга 16 м.кв жер бөлүнүп берилсин.
2. Трансформатор орнотууга керектүү документтерин топтоо жана тиешелүү мекемелерден уруксат алуу жагы айыл өкмөт башчысы Секелеӊов Рыскулбек Самидиновичке милдеттендирилсин.
3. Трансформатор орнотууга чечилген жер участогун мыйзамдаштырып берүү жагы Жер ресурстары кызматынын Тогуз-Торо райондук филиалынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк – Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| И.Ашырбеков |