Редакцияот 17.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын

 ХV-сессиясынын

 

  2025-жылынын  17-декабры  № 7

 

Базар-Коргон шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги 3-02-02-0008-0327 сыр белгиси менен катталган калктуу конуш багытындагы 486,0 чарчы метр жер аянтын, мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгына жаңы имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун жана 19-беренесин жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевдин 24.09.2025-жылкы чыгыш №01-28/2835 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XV-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Базар-Коргон шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги 3-02-02-0008-0327 сыр белгиси менен катталган калктуу конуш багытындагы 486,0 чарчы метр жер аянтын, мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгына жаңы имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Юсуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

 

                                      

К.К.Анарбеков