Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“1”апрель 2026-жылдагы №17
Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборду жана сейил бакты “Курама Суу” муниципалдык ишканасына чарба жүргүзүү укугун берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16, 19-беренелерине ылайык, Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Арыкбай көчөсү №1/48 дарегиндеги жалпы аянты 19763,25 м2 түзгөн сейил багын жана Арыкбай көчөсү №1/51 дарегиндеги жалпы аянты 3176,75 м2 түзгөн Инновациялык борбору “Курама Суу” муниципалдык ишканасына чарба жүргүзүү укугу менен берилсин.
2. Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026 ж. №11 “Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборду жана сейил бакты мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |