Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 токтому менен бекитилген |
Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн бардык өндүрүштүк объекттер (имарат, курулуш, жай, курулма жана башка объекттер) мамлекеттик каттоого (мындан ары - мамлекеттик каттоо) алынат.
3. Мамлекеттик каттоону ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү юридикалык жана жеке жактардын арызынын негизинде ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзөт.
4. Объекттерди мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн, мамлекеттик каттоого алынуучу юридикалык жана жеке жактардын тиешелүү документтери тиркелген арыздарын (мындан ары - арыз ээси) кабыл алууну жана кароону;
- объектти текшерүүнү;
- объектти мамлекеттик каттоого алуу, же мамлекеттик каттоодон баш тартуу, мамлекеттик каттоону токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууну;
- арыз ээси жөнүндө жана объект өз ишин аткарууда ал пайдаланган маалыматтарды камтыган жазууларды мамлекеттик каттоого алына турган объектинин бирдиктүү реестрине (мындан ары - реестр) ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык киргизүү жана объектке идентификациялык номер берүүнү, реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, объектти реестрден алып салууну;
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына реестрдеги маалыматтарды жайгаштырууну;
- арыз ээсинин кайрылуусу боюнча ага реестрден көчүрмө берүүнү.
5. Объектти мамлекеттик каттоо тууралуу арызда төмөнкү маалыматтар болууга тийиш:
- аталышы жана жайгашкан жери (юридикалык жак үчүн), аты-жөнү, каттоого алынган дареги, ким экендигин ырастаган документтин маалыматтары (жеке жак үчүн);
- объекттин иш жүзүндөгү дареги;
- объекттин процесстеринин тизмеги;
- каттоо тууралуу күбөлүгүнүн маалыматтары (юридикалык жана жеке жактар үчүн).
6. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм), объектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде катталуучу объектини текшерип чыгууга милдеттүү.
7. Мамлекеттик каттоо, мамлекеттик каттоодон баш тартуу жана мамлекеттик каттоону токтотуу жөнүндө чечим ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
Объектини мамлекеттик каттоодон баш тартууга негиз болуп Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин жана Бажы бирлигинин иш-аракети ага жайылтылган башка техникалык регламенттеринин талаптарын аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрукту аткарбагандыгы эсептелет. Объектини каттоодон баш тартуу жазуу жүзүндө аткарылууга жана анда талаптардын мазмуну жазылууга тийиш. Объектини мамлекеттик каттоодон баш тартуу арыз ээсинин өкүлүнө тапшырылат же почта аркылуу алгандыгы тууралуу кайра кабарлоо менен 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Эгерде мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүүнүн натыйжасында Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин жана Бажы бирлигинин иш-аракети ага жайылтылган башка техникалык регламентинин талаптарына өндүрүштүк процесстин жүрүшү ылайык келбеген фактылар аныкталса, ветеринария боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын же сот органынын чечими менен объектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумуш күндүн ичинде токтотулушу мүмкүн.
8. Юридикалык жана жеке жак товардык коштоочу документтеринде берилген идентификациялык номерлерин көрсөтүшөт.
2-глава. Идентификациялык номер берүүнүн тартиби
9. Идентификациялык номер берүү үчүн ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү:
- ветеринардык-санитардык корутундуну кошкондо документтердин тизмеси менен идентификациялык номер берүү тууралуу өтүнүчтү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт;
- арыз ээсине 3 жумуш күндүн ичинде идентификациялык номер берилбегендиги тууралуу жүйөлүү себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирет.
10. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган объектке идентификациялык номер берүү тууралуу өтүнүч катты каттоого алат, объектке идентификациялык номер берет, 5 жумуш күндүн ичинде ал тууралуу ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө жазуу жүзүндө кат жөнөтөт.
11. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө ырастоо келип түшкөн учурдан тартып 1 жумуш күндүн ичинде аны арыз ээсинин юридикалык дарегине жиберет же колуна берет.
12. Аймактык бөлүм арыз ээсине идентификациялык номер берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартышы мүмкүн:
- арыз ээси тиешелүү документтерди толук бербесе;
- объект техникалык регламенттердин ченемдерине жана ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбесе (жана кошумча - экспорттолуучу өлкөнүн ветеринардык-санитардык талаптарына шайкеш келбесе, - экспорттоочу арыз ээлери үчүн).
13. Идентификациялык номер өлкөнүн кодун, облустун литердик кодун, райондун (шаардын) катар номерин жана ишинин түрүнүн кодун, ошондой эле объекттин катар номерин ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык камтыйт.
Объекттин катар номери объектке идентификациялык номер берүү тууралуу аймактык бөлүмдөрдөгү арыздардын кезектүүлүгүнө ылайык аныкталат.
Идентификациялык номер ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мал союу аянтчасын кошпогондо объекттин бардык иштеген мезгилине берилет.
Мал союу аянтчаларына идентификациялык номер бир жылдык мөөнөткө берилет жана бул региондо этти кайра иштетүүчү ишкана жана мал союучу пункт курулганга чейин жыл сайын ырасталып турат.
Экспортту ишке ашырган объекттердин идентификациялык номерине кошумча "Ех" символу киргизилет.
14. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган объектке идентификациялык номер ыйгарылгандан кийин 2 жумуш күндүн ичинде ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылган реестрге объектти киргизет.
15. Эгерде объекттин аталышы жана/же уюштуруу-укуктук формасы өзгөрсө, объект он төрт күндүн ичинде тиешелүү аймактык бөлүмгө аталган маалыматтарды ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен идентификациялык номерин кайра тариздөө арызын берет.
Эгерде объекттин ишинин түрү өзгөрсө, ушул Жобого ылайык идентификациялык номерин алуунун жол-жобосунан кайрадан өтөт.
16. Арыз ээсинин каалоосу менен реестрден көчүрмө 5 жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 3-тиркемесиндеги форма боюнча берилиши мүмкүн.
|
| Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Райондордун жана шаарлардын коддору
№ | Коду | Аталышы |
1 | 01-01 | Бишкек шаары |
2 | 08-01 | Токмок шаары |
3 | 08-80 | Кемин району |
4 | 08-81 | Чүй району |
5 | 08-82 | Ысык-Ата району |
6 | 08-83 | Аламүдүн району |
7 | 08-84 | Сокулук району |
8 | 08-85 | Москва району |
9 | 08-86 | Жайыл району |
10 | 08-87 | Панфилов району |
11 | 09-01 | Балыкчы шаары |
12 | 09-02 | Каракол шаары |
13 | 09-90 | Ак-Суу району |
14 | 09-91 | Тоң району |
15 | 09-92 | Жети-Өгүз району |
16 | 09-93 | Түп району |
17 | 09-94 | Ысык-Көл району |
18 | 07-01 | Талас шаары |
19 | 07-70 | Манас району |
20 | 07-71 | Кара-Буура району |
21 | 07-72 | Бакай-Ата району |
22 | 07-73 | Талас району |
23 | 05-01 | Нарын шаары |
24 | 05-50 | Нарын району |
25 | 05-51 | Ат-Башы району |
26 | 05-52 | Ак-Талаа району |
27 | 05-53 | Жумгал району |
28 | 05-54 | Кочкор району |
29 | 06-01 | Ош шаары |
31 | 06-60 | Ноокат району |
32 | 06-61 | Алай району |
33 | 06-62 | Чоң-Алай району |
34 | 06-63 | Араван району |
35 | 06-64 | Кара-Суу району |
36 | 06-65 | Кара-Кулжа району |
37 | 06-66 | Өзгөн району |
38 | 03-01 | Баткен шаары |
39 | 03-02 | Кызыл-Кыя шаары |
40 | 03-03 | Сүлүктү шаары |
41 | 03-30 | Баткен району |
42 | 03-31 | Лейлек району |
43 | 03-32 | Кадамжай району |
44 | 04-01 | Жалал-Абад шаары |
45 | 04-02 | Кара-Көл шаары |
46 | 04-03 | Майлу-Суу шаары |
47 | 04-04 | Таш-Көмүр шаары |
48 | 04-40 | Сузак району |
49 | 04-41 | Базар-Коргон району |
50 | 04-42 | Ноокен району |
51 | 04-43 | Тогуз-Торо району |
52 | 04-44 | Аксы району |
53 | 04-45 | Ала-Бука району |
54 | 04-46 | Чаткал району |
55 | 04-47 | Токтогул району |
Облустардын литердик коддору
№ | Литердик код | Аталышы |
1 | Ch | Чүй облусу |
2 | I | Ысык-Көл облусу |
3 | N | Нарын облусу |
4 | Т | Талас облусу |
5 | О | Ош облусу |
6 | J | Жалал-Абад облусу |
7 | B | Баткен облусу |
Иштин түрлөрүнүн коддору
№ | Иштин түрлөрү | Коду |
1 | Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн объекттер: |
|
| этти кайра иштетүү ишканалары; | F1 |
| мал союучу пункттар; | F2 |
| мал союучу аянтчалар; | F3 |
| канаттууларды кайра иштетүү ишканалары; | F4 |
| балык чарбасы жана балыкты кайра иштетүү ишканалары; | F5 |
| сүттү кайра иштетүү ишканалары; | F6 |
| чийки сүттү, чийки каймакты жана чийки майсыз сүттөрдү кабыл алуу пункттары; | F7 |
| жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды сатуу жана сактоо объекттери; | F8 |
| субпродуктуларды жана жаныбарлардан алынуучу чийки заттарды кабыл алуу объекттери; | F9 |
| балчылык продукцияларын кайра иштетүү объекттери | F10 |
Эскертүү: Идентификациялык номер төмөнкү символдордон турат жана төмөнкүдөй түзүмгө ээ:
- биринчи символ - өлкөнүн коду - KG;
- экинчи символ - облустун литердик коду;
- үчүнчү символ - райондун (шаардын) катар номери;
- төртүнчү символ - объекттин ишинин түрүнүн коду;
- бешинчи символ - объекттин катар номери;
- алтынчы символ - Ех (экспорттоочулар үчүн)
Мисал: KG B.05-51/F1-0001/Ex
KG - өлкөнүн коду;
В - облустун литердик коду;
05-51 - райондун (шаардын) коду (катар номери);
F1 - объекттин ишинин түрү;
0001 - объекттин катар номери;
Ех - экспорттоочу.
|
| Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик каттоого алынуучу Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө АРЫЗ
Арыз берүүчү _______________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, жашаган жери
___________________________________________________________________________________
жеке адамдын ким экендигин ырастаган документтери,
___________________________________________________________________________________
төлөөчүнүн эсептик номери, юридикалык жактын аталышы
___________________________________________________________________________________
жана жайгашкан жери, телефону)
Өндүрүштүк объектти каттоону өтүнөм __________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(өндүрүштүн иш жүзүндөгү дареги)
мында жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзүлөт. Өндүрүштүк объекттин ишке ашырылуучу процесстеринин тизмеси:
___________________________________________________________________________________
Ушул арызда камтылган маалыматтардын туура экендигин ырастайм.
____________________________________ ________________________
(арыз ээсинин же анын өкүлүнүн аты-жөнү, колу)
М.О.
__________________
(датасы)
|
| Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик каттоого алынуучу Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттердин реестринен КӨЧҮРМӨ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
_______________________________________________________________________________
(аймактык бөлүмдүн аталышы)
_______________________ |
| ________________________ |
(датасы) |
| (номери) |
______________________________________________________________________________________
(идентификациялык номер, ал мамлекеттик каттоого алынуучу объекттин өндүрүштүк объекттердин реестрине киргизилет)
______________________________________________________________________________________
аталышы жана жайгашкан жери (юридикалык жак үчүн), аты-жөнү, ким экендигин ырастаган документтин маалыматтары (жеке жак үчүн)
______________________________________________________________________________________
(объекттин иш жүзүндөгү дареги)
______________________________________________________________________________________
(объекттин процесстеринин тизмеси)
_____________________________________ (кызматы, аты-жөнү) |
| ___________________ (колу) |
|
| Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик каттоого алынуучу Кыргыз Республикасынын аймагындагы өндүрүштүк объекттердин РЕЕСТРИ
№ | Аталышы жана юридикалык дареги (юридикалык жак үчүн); аты-жөнү, каттоо дареги, документи, ким экендигин ырастаган документтин маалыматтары (жеке жак үчүн) | Объекттин идентификациялык номери | Объекттин иш жүзүндөгү дареги (юридикалык жана жеке жактар) | Текшерген аймактык бөлүмдүн аталышы жана турган жери | Ишинин түрү | Объекттерди реестрге киргизүү үчүн негиз (Буйрук жана ветеринардык-санитардык корутунду) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
2 |
|
|
|
|
|
|
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 339 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Жобо ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү натыйжалуу уюштуруу максатында уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди (мындан ары - объекттер) мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу тартибин жана бирдиктүү жол-жобону жүргүзүү шарттарын аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Объекттерди мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу ага уникалдуу идентификациялык номерди ыйгаруу менен мамлекеттик санариптик реестрге объект жөнүндө маалыматтарды киргизүү, ошондой эле катталууга тийиш эмес объекттер тууралуу маалыматтарды чогултуу жана белгилөө боюнча административдик жол-жоболорду билдирет.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
объектти мамлекеттик каттоо - объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин текшерүүнү (иликтөөнү), ал жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик санариптик реестрге киргизүүнү жана уникалдуу идентификациялык номерди ыйгарууну камтыган административдик жол-жобо;
мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекти - юридикалык жакка, жеке ишкерге же дыйкан (фермердик) чарбага таандык болгон, анда жаныбарларды кармоого, контролго алынуучу товарларды (продукцияны) өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга байланышкан иш, ошондой эле ветеринария жаатындагы иш жүргүзүлгөн имараттар, курулуштар, курулмалар, өндүрүш аянтчалары, цехтер, участоктор, жайлар;
объекттерди эсепке алуу - ветеринардык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик катталууга тийиш эмес объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана белгилөө боюнча иши;
объекттин идентификациялык номери - мамлекеттик каттоодо объектке ыйгарылуучу жана товарларды (продукцияны) көзөмөлдөө, контролдоо, байкоо жүргүзүү максатында аны бирдей мааниде идентификациялоо үчүн колдонулган белгиленген түзүмдөгү уникалдуу тамга-сандык код;
арыз ээси - объектти мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн кайрылган юридикалык жак, жеке ишкер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлү;
объекттин эсепке алуу иши - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан түзүлүүчү документтердин жана санариптик маалыматтардын жыйындысы;
ветеринардык-санитардык корутунду - объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин ырастоочу документ, анын ичинде санариптик формадагы документ;
санариптик реестрден көчүрмө - объектти мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу документ, анын ичинде санариптик формадагы документ.
2-глава. Объекттерди мамлекеттик каттоону жана эсепке алууну жүргүзүү тартиби
3. Объектти мамлекеттик каттоо ветеринардык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик санариптик реестрге (мындан ары - мамлекеттик санариптик реестр) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
4. Ишинин түрлөрү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык тизмеге киргизилген объекттер мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
5. Объектти мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй административдик жол-жоболорду камтыйт:
- арыз ээсинин арызын жана документтерин кабыл алуу жана каттоо; мамлекеттик объекттер коштоочу кат менен кайрылат;
- берилген маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүү;
- объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин документтик жана жеринде текшерүүнү жүргүзүү;
- ветеринардык-санитардык корутундуну тариздөө;
- объектти мамлекеттик каттоо же андан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- мамлекеттик санариптик реестрге маалыматтарды киргизүү жана идентификациялык номерди ыйгаруу;
- мамлекеттик санариптик реестрден көчүрмө берүү.
6. Объектти мамлекеттик каттоо анын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. Арыз ээси бир нече аймактык обочолонгон объекттерде иш жүргүзгөн учурда мамлекеттик каттоо мындай ар бир объектке карата жүргүзүлөт.
7. Арыз ээси тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз төмөнкү ыкмалардын бири менен берилет:
- арыз ээсинин санариптик кол тамгасы коюлган санариптик документ түрүндө;
- кагаз жүзүндөгү документти берүү менен ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык бөлүмүнө жеке кайрылуу аркылуу.
8. Зарыл болгон документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
- юридикалык жак үчүн: мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, уставдын (жобонун) көчүрмөсү;
- жеке ишкер үчүн: арыз ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлктүн турак эмес объекттерин пайдалануу укугун ырастаган документтер (менчик укугу жөнүндө күбөлүк, ижара, субижара келишими);
- өндүрүштүк, кампа, көмөкчү жана санитардык-тиричилик жайларды көрсөтүү менен объекттин схемасы (планы);
- ХАССПнын принциптерине негизделген өндүрүштүк контролдоо программасы (Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык иши көрсөтүлгөн принциптердин негизинде милдеттүү контролдонууга тийиш болгон объекттер үчүн);
9. Ыйгарым укуктуу орган иштин түрлөрү боюнча дифференцияланган, арызга тиркелүүчү документтердин кошумча тизмегин бекитүүгө укуктуу. Аталган тизмек ыйгарым укуктуу органдын сайтына расмий жарыяланууга тийиш.
10. Объектти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүм төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- объект белгиленген талаптарга шайкеш келсе - объектке идентификациялык номерди ыйгаруу жана аны мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү үчүн ветеринардык-санитардык корутундуну кошкондо, документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга суроо-талапты жиберет;
- бузуулар аныкталса - арыз ээсине аларды жоюу жөнүндө жазма буйрукту берет. Жазма буйрукта белгиленген бузууларды жоюу мөөнөтү 20 календардык күндөн ашпайт.
11. Жазма буйрукта көрсөтүлгөн бузууларды жоюуга убакытты кошкондо, аймактык бөлүм тарабынан арызды кароонун жалпы мөөнөтү арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
12. Ыйгарым укуктуу орган аймактык бөлүмдөн суроо-талап келип түшкөн датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде идентификациялык номерди ыйгаруу жана объект жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү тууралуу чечим кабыл алат же болбосо негиздүү баш тартууну чыгарат.
13. Мамлекеттик каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
- берилген документтерде анык эмес маалыматтар же алардын талаптарга шайкеш келбегендиги аныкталса;
- текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилген жазма буйрукту белгиленген мөөнөттө аткарбоо;
- объекттин калктын жана/же жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирүүчү ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбегендиги.
14. Мамлекеттик каттоо, мамлекеттик каттоодон баш тартуу жана мамлекеттик каттоону токтотуу жөнүндө чечимдер ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
15. Каттоодон баш тартуу арыз ээсинин баш тартууга негиз болгон себептерди жойгондон кийин кайра кайрылуусуна тоскоолдук жаратпайт.
16. Объектти мамлекеттик санариптик реестрден чыгаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- объекттин ээсинин ишти токтотуу жөнүндө арызынын;
- юридикалык жактын жоюлгандыгын же жеке ишкердин ишти токтоткондугун ырастоочу документтин;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин;
- калктын жана/же жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун жараткан ветеринардык-санитардык талаптарды системалуу түрдө (календардык жыл ичинде эки жана андан көп жолу) бузгандыгына байланыштуу каттоону токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругунун.
17. Объекттерди мамлекеттик эсепке алуу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик каттоого алынууга тийиш болгон объекттердин тизмегине киргизилбеген объекттерге карата жүргүзүлөт.
18. Коомдук тамактануу объекттери, жаныбарлардан алынуучу товарларды (продукцияны) сатуучу дүң жана чекене базарлар, эт сатуу пункттары жана эт павильондору, ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүчү лабораториялар, мал көмүү жайлары, сибир жарасынын очоктору, Беккари чуңкурлары, ветеринардык клиникалар жана дарыканалар эсепке алынууга тийиш.
19. Объекттерди эсепке алуу тартиби, анын ичинде каттала турган маалыматтардын формасы жана тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик санариптик реестрди жүргүзүү
20. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттердин мамлекеттик санариптик реестри катталган объекттер жөнүндө түзүмдөштүрүлгөн маалыматтардын жыйындысын камтыган бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системаны билдирет. Мамлекеттик санариптик реестр электрондук формада жүргүзүлөт жана товарларды (продукцияны) идентификациялоо, көзөмөлдөө, байкоого алууну камсыз кылуу үчүн объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана берүүнү камсыз кылат.
21. Мамлекеттик санариптик реестр ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык объект жөнүндө төмөнкү негизги маалыматтарды камтыйт:
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты;
- объекттин идентификациялык номери;
- объекттин жайгашкан жери (иш жүзүндөгү дареги);
- тиешелүү коддорун көрсөтүү менен ишке ашырылуучу иштин түрлөрү;
- мамлекеттик каттоонун жана идентификациялык номерди ыйгаруунун датасы;
- объекттин мамлекеттик санариптик реестрдеги статусу.
22. Мамлекеттик санариптик реестрде камтылган маалыматтар, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, жалпыга жеткиликтүү болуп саналат жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш.
23. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик санариптик реестрде камтылган маалыматтардын аныктыгын, актуалдуулугун жана толуктугун камсыз кылат.
24. Мамлекеттик санариптик реестрдин маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан объекттин ээсинин арызынын жана ырастоочу документтеринин негизинде арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат.
25. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынан жана башка чет мамлекеттерден келип түшкөн расмий маалыматтардын негизинде мамлекеттик санариптик реестрге объекттин статусу жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- чектөөсү жок;
- убактылуу чектелген;
- күчөтүлгөн лабораториялык контролдоо;
- эскертүү;
- атайын талаптар.
26. Мамлекеттик санариптик реестрден көчүрмө арыз ээсине же башка кызыкдар адамга ишеним каттын негизинде жана/же суроо-талап боюнча суроо-талап катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде берилет. Мамлекеттик санариптик реестрден көчүрмөнүн формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
4-глава. Идентификациялык номер ыйгаруу жана объект жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
27. Идентификациялык номер объектке ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик каттоодо бир жолу ыйгарылат жана төмөнкүдөй түзүмгө ээ:
- KG - Х.ХХ - XX / Fx - ХХХХ [Ех], мында:
- KG - өлкөнүн коду;
- X - облустун литердик коду;
- ХХ-ХХ - райондун же шаардын коду;
- Fх - иштин түрүнүн коду;
- ХХХХ - аймактык бөлүмдөгү объекттин катар номери;
- [Ех] - экспорттоочу объекттер үчүн кошумча символ. Мисалы: KG-B.05-51/F1-0001/Ex.
28. Объекттин жайгашкан ордун башка административдик-аймактык бирдикке (облуска, районго) өзгөртүү же иштин негизги түрүн башка код менен түргө өзгөртүү учурларын кошпогондо, идентификациялык номерди өзгөртүүгө жол берилбейт. Аталган учурларда объектке баштапкы каттоо үчүн белгиленген тартипте жаңы идентификациялык номер ыйгарылат, ал эми мурда ыйгарылган номер жокко чыгарылат.
29. Идентификациялык номер мөөнөтсүз болуп саналат жана объекттин ишинин бүткүл мезгилинде күчүндө болот.
30. Юридикалык жак же жеке ишкер ыйгарылган идентификациялык номерди контролдоого алынган товарларга (продукцияга) карата товардык-коштоочу документтерде көрсөтүүгө милдеттүү.
5-глава. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
31. Мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды бербегендиги же өз убагында бербегендиги, ошондой эле анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн арыз ээси, жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
32. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн каттоочу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
33. Каттоочу органдын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
|
| Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Райондордун жана шаарлардын коддору
№ | Коду | Аталышы |
1 | 01-01 | Бишкек шаары |
2 | 08-01 | Токмок шаары |
3 | 08-80 | Кемин району |
4 | 08-81 | Чүй району |
5 | 08-82 | Ысык-Ата району |
6 | 08-83 | Аламүдүн району |
7 | 08-84 | Сокулук району |
8 | 08-85 | Москва району |
9 | 08-86 | Жайыл району |
10 | 08-87 | Панфилов району |
11 | 09-01 | Балыкчы шаары |
12 | 09-02 | Каракол шаары |
13 | 09-90 | Ак-Суу району |
14 | 09-91 | Тоң району |
15 | 09-92 | Жети-Өгүз району |
16 | 09-93 | Түп району |
17 | 09-94 | Ысык-Көл району |
18 | 07-01 | Талас шаары |
19 | 07-70 | Манас району |
20 | 07-71 | Айтматов району |
21 | 07-72 | Бакай-Ата району |
22 | 07-73 | Талас району |
23 | 05-01 | Нарын шаары |
24 | 05-50 | Нарын району |
25 | 05-51 | Ат-Башы району |
26 | 05-52 | Ак-Талаа району |
27 | 05-53 | Жумгал району |
28 | 05-54 | Кочкор району |
29 | 06-01 | Ош шаары |
30 | 06-60 | Ноокат району |
31 | 06-61 | Алай району |
34 | 06-62 | Чоң-Алай району |
35 | 06-63 | Араван району |
36 | 06-64 | Кара-Суу району |
37 | 06-65 | Кара-Кулжа району |
38 | 06-66 | Өзгөн району |
39 | 03-01 | Баткен шаары |
40 | 03-02 | Кызыл-Кыя шаары |
41 | 03-03 | Сүлүктү шаары |
42 | 03-30 | Баткен району |
43 | 03-31 | Лейлек району |
44 | 03-32 | Кадамжай району |
45 | 04-01 | Манас шаары |
46 | 04-02 | Кара-Көл шаары |
47 | 04-03 | Майлуу-Суу шаары |
48 | 04-04 | Таш-Көмүр шаары |
49 | 04-40 | Сузак району |
50 | 04-41 | Базар-Коргон району |
51 | 04-42 | Ноокен району |
52 | 04-43 | Тогуз-Торо району |
53 | 04-44 | Аксы району |
54 | 04-45 | Ала-Бука району |
55 | 04-46 | Чаткал району |
56 | 04-47 | Токтогул району |
Облустардын литердик коддору
№ | Литердик код | Аталышы |
1 | Ch | Чүй облусу |
2 | I | Ысык-Көл облусу |
3 | N | Нарын облусу |
4 | Т | Талас облусу |
5 | О | Ош облусу |
6 | J | Жалал-Абад облусу |
7 | В | Баткен облусу |
Иштин түрлөрүнүн коддору
№ | Иштин түрү | Коду |
1 | Этти кайра иштетүү ишканалары | F1 |
2 | Мал союучу пункттар (мал союучу жайлар) | F2 |
3 | Терини жана жүндү кайра иштетүү объекттери | F3 |
4 | Канаттууларды кайра иштетүү ишканалары | F4 |
5 | Балык чарбасы жана балыкты кайра иштетүү ишканалары | F5 |
6 | Сүттү кайра иштетүү ишканалары | F6 |
7 | Чийки сүттү, чийки каймакты жана чийки майсыз сүттү кабыл алуу пункттары | F7 |
8 | Жаныбарлардан алынуучу азыктарды жана чийки заттарды сактоо жана сатуу объекттери | F8 |
9 | Ич эттерди жана жаныбарлардан алынуучу техникалык чийки заттарды кабыл алуу, ташып келүү, сактоо жана сатуу объекттери | F9 |
10 | Балды жана балчылык азыктарын кайра иштетүү объекттери | F10 |
11 | Айыл чарба жаныбарларын асылдандыруу, өстүрүү, багуу жана сатуу менен алектенүүчү объекттер | F11 |
12 | Тоюттарды жана тоют кошумчаларын өндүрүү, сактоо жана сатуу объекттери | F12 |
13 | Ветеринардык дары каражаттарын жана препараттарды өндүрүү, сактоо жана сатуу объекттери | F13 |
14 | Жапайы жана экзотикалык жаныбарларды кармоо, асылдандыруу жана сатуу объекттери | F14 |
15 | Мал базарлары | F15 |
16 | Аңчылык продукциясынын жүгүртүү объекттери (аңчылык трофейлери, каракчылар, консервацияланган үлгүлөр) | F16 |
17 | Аарыларды (аары пакеттерин жана аары үй-бүлөлөрүн) асылдандыруу, багуу жана сатуу объекттери | F17 |
18 | Айыл чарба куштарын асылдандыруу, өстүрүү, багуу жана сатуу объекттери | F18 |
|
| Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик катталууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө АРЫЗ
Арыз ээси: ________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери)
__________________________________________________________________________________
жеке адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер
__________________________________________________________________________________
төлөөчүнүн эсептик номери, юридикалык жактын аталышы
__________________________________________________________________________________
жана жайгашкан жери, телефону)
контролго алынуучу мамлекеттик ветеринардык көзөмөл объектин каттоону өтүнөм: __________
___________________________________________________________________________________
______________________________________________________ (объекттин иш жүзүндөгү дареги)
Объекттин жүзөгө ашырылуучу процесстеринин тизмеги: __________________________________
__________________________________________________________________________________
Ушул арызда камтылган маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
_________________________________________ _____________________________
(арыз ээсинин же анын өкүлүнүн колу) (аты-жөнү)
М.О.
___________________________
(датасы)
|
| Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттердин санариптик реестринен КӨЧҮРМӨ
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы
__________________________________________________________________________________
(аймактык бөлүмдүн аталышы)
_____________________________________ ___________________________________________
(датасы) (номери)
__________________________________________________________________________________
(мамлекеттик каттоого тийиш болгон, объекттердин санариптик реестрине киргизилүүчү идентификациялык номер)
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(аталышы жана жайгашкан жери (юридикалык жак үчүн), фамилиясы, аты, атасынын аты, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары (жеке жак үчүн)
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(объекттин иш жүзүндөгү дареги)
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(объекттин процесстеринин тизмеги)
__________________________________ ________________________________
(кызматы) (Аты-жөнү) (колу)
|
| Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик катталууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттердин санариптик РЕЕСТРИ
№ | Аталышы жана юридикалык дареги (юридикалык жак үчүн); аты-жөнү, каттоо дареги, кимдигин ырастаган документтин маалыматтары (жеке жак үчүн) | Объекттин идентификациялык номери | Объекттин иш жүзүндөгү дареги (юридикалык жана жеке жактар үчүн) | Текшерүү жүргүзгөн аймактык бөлүмдүн аталышы жана жайгашкан орду | Ишинин түрү | Объекттерди реестрге киргизүү үчүн негиз (буйрук жана ветеринардык-санитардык корутунду) | Объекттин статусу |
|
|
|
|
|
|
|
|