Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 4-июну № 402-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 «2022–2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2022–2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык:
1. 2026-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы (мындан ары – МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткарууга алсын жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 182-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |