Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун комплекстүү системасынын методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Методика төмөнкүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун баалоо тартибин белгилейт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын.
2. Иштин натыйжалуулугун баалоо принциптери:
1) иштин натыйжаларын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн чектелген топтому;
2) иш процесстери эмес, бөлүп көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр боюнча иштин натыйжаларын баалоо;
3) салыштырылуучу натыйжаларды салыштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан расмий жарыялануучу маалыматтарды пайдалануу.
3. Иштин төмөнкүдөй төрт негизги аспектин талдоонун негизинде баалоо жүргүзүлөт:
1) ушул Методиканын 1-3-таблицаларында каралган административдик-аймактык түзүлүштөрдү өнүктүрүүнүн акыркы натыйжаларын мүнөздөөчү негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, анын ичинде экономикалык өсүштүн жана социалдык чөйрөнүн көрсөткүчтөрү;
2) ушул Методиканын 1-3-таблицаларында каралган башкаруучулук чечимдерди, мамлекеттик жана региондук программаларды ишке ашыруу, ошондой эле тапшырмаларды аткаруу аркылуу мамлекеттик башкаруу органдары динамикасына түздөн-түз же олуттуу таасир тийгизүүчү башкаруучулук салымды чагылдырган негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр;
3) администрациялоонун сапаты, анын ичинде аткаруучулук тартип, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн натыйжалуулугу жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлүүчү "Калктын ишеним индекси" (мындан ары - КИИ) көрсөткүчүнүн маанилерин алуу үчүн калкты сурамжылоонун жыйынтыктары.
2-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү ушул Методиканын 1-3-таблицаларында берилген.
1-таблица
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишин баалоо үчүн көрсөткүчтөр жана алардын балл менен чагылдырылуучу маанилери
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Булак | Өлчөө бирдиги | Салыштырмалуу салмагы | Балл |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. Экономика жана социалдык чөйрө (акыркы натыйжалар) | 50 | ||||
1 | Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси | УСК | % | 0,1 |
|
2 | Негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи | УСК | % | 0,1 |
|
3 | Чекене соода жүгүртүүнүн, анын ичинде бардык сатуу каналдары боюнча тамак-аш ишканаларынын жүгүртүүсүнүн өсүү темпи | УСК | % | 0,06 |
|
4 | Тышкы жана өз ара сооданын товар жүгүртүүсүнүн өсүү темпи | УСК | % | 0,1 |
|
5 | Жергиликтүү бюджеттин кирешесинин өсүү темпи | ФМ | % | 0,1 |
|
6 | Номиналдык эмгек акынын өсүү темпи(3) | УСК | % | 0,06 |
|
7 | Ишке орноштурулган жумушсуз жарандардын саны | ЭСКММ | Саны | 0,06 |
|
8 | Ичүүчү суу булактарына жеткиликтүү болгон калктын үлүшү | ЖМА | % | 0,06 |
|
9 | Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн үлүшү | ЭСКММ | % | 0,06 |
|
10 | Мектептердин мугалимдер менен камсыз болуу деңгээли | Агартуумин | % | 0,06 |
|
11 | Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу | Агартуумин | % | 0,06 |
|
12 | Врачтардын персоналы менен камсыз болуу деңгээли | ССМ | % | 0,06 |
|
13 | Жайыттардын жалпы аянтына карата деградацияланган жайыттардын үлүшү | САЧКӨМ | % | 0,04 |
|
14 | 23 кВт ашык кубаттуулуктагы ишке киргизилген тез кубаттоочу электр станцияларынын саны | ЖМА | Саны | 0,04 |
|
15 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | ТКМ | % | 0,04 |
|
2. Башкаруучулук салым | 20 | ||||
16 | "Комплекстүү пландоо" АМС алкагында иштелип чыккан районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын болушу | ЭКМ | Саны | 0,05 |
|
17 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү | ЖМА | % | 0,1 |
|
18 | Түзүлгөн жумуш орундарынын санынын өсүшү | УСК | Өткөн жылга карата % менен | 0,1 |
|
19 | Ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордун санынын көбөйүшү | ЖМА | Бирдик | 0,1 |
|
20 | Салыктык түшүүлөр боюнча пландалган көрсөткүчтөргө жетишүү | МСК | % | 0,15 |
|
21 | Региондорду өнүктүрүү фонддорунун бекитилген бюджетинен өздөштүрүлгөн каражаттардын үлүшү. Ишке ашырылган долбоорлордун саны | ЭКМ | % | 0,1 |
|
22 | Айыл аймактарынын жалпы санынан дотациядагы айыл аймактарынын үлүшү | ФМ | % | 0,15 |
|
23 | Капиталдык салымдарды өздөштүрүү деңгээли | ФМ | % | 0,1 |
|
24 | Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу теңдөө трансферттеринин деңгээлинин төмөндөшү | ФМ | % | 0,1 |
|
25 | Бюджеттик мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдыгы(1) | ЭМ караштуу ЭКК, ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК | % | 0,05 |
|
3. Башкаруу сапаты | 10 | ||||
26 | Жогору турган башкаруу органдарынын аткарылган тапшырмаларынын жана чечимдеринин үлүшү, а. и.: - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткаруу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмаларын аткаруу | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | % | 0,4 |
|
27 | Жарандардын кайрылууларын өз убагында жана толук кароо | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | % | 0,3 |
|
28 | "Санарип аймак" АМСте калктын саны боюнча маалыматтарды толтуруу жана актуалдаштыруу даражасы | МКЖБМА | % | 0,2 |
|
29 | Кесиптик деңгээлин жогорулаткан кызматкерлердин үлүшү | ЖМА | % | 0,1 |
|
4. Калктын ишеним индекси | 20 | ||||
30 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине калктын мамилеси | УСК, СДУИ | % | 1 |
|
Максималдуу баа |
| 100 | |||
|
| 2-таблица |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо үчүн көрсөткүчтөр жана алардын балл менен чагылдырылуучу маанилери
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Булак | Өлчөө бирдиги | Салыштырмалуу салмагы | Балл |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. Экономика жана социалдык чөйрө (акыркы натыйжалар) | 50 | ||||
1 | Региондук дүң продукт (РДП) өсүү темпи(1) | УСК | млн. сом | 0,1 |
|
2 | Калктын жан башына карата РДПнын өсүү темпи (учурдагы бааларда)(1) | УСК | миң сом | 0,1 |
|
3 | Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси | УСК | % | 0,1 |
|
4 | Негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи | УСК | % | 0,1 |
|
5 | Түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын өсүү темпи(2) | УСК | % | 0,1 |
|
6 | Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүү темпи | УСК | % | 0,06 |
|
7 | Айыл чарбасынын, токой чарбасынын продукциясынын жана балык уулоонун физикалык көлөмүнүн индекси | УСК | Өткөн жылга карата % менен | 0,06 |
|
8 | Жайыттардын жалпы аянтына карата деградацияланган жайыттардын үлүшү | САЧКӨМ | % | 0,04 |
|
9 | Региондук брендди илгерилетүү жана инновациялык өнүктүрүүнүн элементи катары региондордун ойлоп табуучулук активдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу саясатынын алкагында товардык белгилерди, географиялык көрсөткүчтөрдү каттоонун өсүшү | ИЖБИМ | Саны | 0,04 |
|
10 | 23 кВт ашык кубаттуулуктагы ишке киргизилген тез кубаттоочу электр станцияларынын саны | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | Саны | 0,04 |
|
11 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | ТКМ | % | 0,04 |
|
12 | Жумушка орноштурулган жумушсуз жарандардын саны | ЭСКММ | Саны | 0,06 |
|
13 | Номиналдык эмгек акынын өсүү темпи(3) | УСК | % | 0,06 |
|
14 | Ичүүчү суу булактарына жеткиликтүү болгон калктын үлүшү | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | % | 0,06 |
|
15 | Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үлүшү | ЭСКММ | % | 0,04 |
|
2. Башкаруучулук салым | 20 | ||||
16 | Облустарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын болушу | ЭКМ | Саны | 0,05 |
|
17 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | % | 0,1 |
|
18 | Түзүлгөн жумуш орундарынын санынын өсүшү | УСК | Мурунку жылга карата % менен | 0,15 |
|
19 | Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордун санынын көбөйүшү | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | Бирдик | 0,1 |
|
20 | Салыктык түшүүлөр боюнча пландалган көрсөткүчтөргө жетишүү | МСК | % | 0,15 |
|
21 | Региондорду өнүктүрүү фонддорунун бекитилген бюджетинен өздөштүрүлгөн каражаттардын үлүшү. | ЭКМ | % | 0,1 |
|
Ишке ашырылган долбоорлордун саны |
| Бирдик |
|
| |
22 | Иштеген калктын жалпы санынан формалдуу эмес сектордо иштегендердин үлүшү(1) | УСК, КРП облустардагы ЫУӨ | % | 0,1 |
|
23 | Капиталдык салымдарды өздөштүрүү деңгээли | ФМ | % | 0,1 |
|
24 | Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу теңдөө трансферттеринин деңгээлинин төмөндөшү | ФМ | % | 0,1 |
|
25 | Бюджеттик мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдыгы(1) | ЭМ караштуу ЭКК, ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК | % | 0,05 |
|
3. Башкаруунун сапаты | 10 | ||||
26 | Жогору турган башкаруу органдарынын аткарылган тапшырмаларынын жана чечимдеринин үлүшү, а. и.: - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткаруу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмаларын аткаруу | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | % | 0,4 |
|
27 | Жарандардын кайрылууларын өз убагында жана толук кароо | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | % | 0,3 |
|
28 | "Санарип аймак" АМС калктын саны боюнча маалыматтарды толтуруу жана актуалдаштыруу даражасы | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | % | 0,2 |
|
29 | Кесиптик деңгээлин жогорулаткан кызматкерлердин үлүшү | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | % | 0,1 |
|
4. Калктын ишеним индекси | 20 | ||||
30 | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишине калктын мамилеси | УСК, СИУИ | % | 1 |
|
Максималдуу баа |
| 100 | |||
3-таблица
Облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппаратынын ишин баалоо үчүн көрсөткүчтөр жана алардын балл менен мааниси
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Булак | Өлчөө бирдиги | Салыштырма салмагы | Балл |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. Экономика жана социалдык чөйрө (акыркы натыйжалар) | 50 | ||||
1 | Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси | УСК | % | 0,1 |
|
2 | Негизги капиталга инвестициялардын өсүш темпи | УСК | % | 0,1 |
|
3 | Чекене соода жүгүртүүнүн, анын ичинде сатуунун бардык каналдары боюнча тамак-аш ишканаларынын жүгүртүүсүнүн өсүү темпи | УСК | % | 0,1 |
|
4 | Тышкы жана өз ара сооданын товар жүгүртүүсүнүн өсүү темпи | УСК | % | 0,1 |
|
5 | Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өсүү темпи | ФМ | % | 0,1 |
|
6 | Номиналдык эмгек акынын өсүү темпи(3) | УСК | % | 0,06 |
|
7 | Ишке орноштурулган жумушсуз жарандардын саны | ЭСКММ | Саны | 0,06 |
|
8 | Ичүүчү суу булактарына жеткиликтүү болгон калктын үлүшү | Шаарлардын мэриялары | % | 0,06 |
|
9 | Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үлүшү | ЭСКММ | % | 0,06 |
|
10 | Мектептердин мугалимдер менен камсыз болуу деңгээли | Агартуумин | % | 0,06 |
|
11 | Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу | Агартуумин | % | 0,06 |
|
12 | Врачтардын персоналы менен камсыз болуу деңгээли | ССМ | % | 0,06 |
|
13 | 23 кВт ашык кубаттуулуктагы ишке киргизилген тез кубаттоочу электр станцияларынын саны | Шаарлардын мэриялары | Саны | 0,04 |
|
14 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | ТКМ | % | 0,04 |
|
2. Башкаруучулук салым | 20 | ||||
15 | "Комплекстүү пландоо" АМС алкагында иштелип чыккан районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын болушу | ЭКМ | Саны | 0,05 |
|
16 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү | Шаарлардын мэриялар | % | 0,1 |
|
17 | Түзүлгөн жумуш орундарынын санынын өсүшү | УСК | Мурунку жылга карата % менен | 0,15 |
|
18 | Ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордун санынын көбөйүшү | Шаарлардын мэриялар | Бирдик | 0,1 |
|
19 | Салыктык түшүүлөр боюнча пландалган көрсөткүчтөргө жетишүү | МСК | % | 0,15 |
|
20 | Региондорду өнүктүрүү фонддорунун эсебинен ишке ашырылган долбоорлордун саны | ЭКМ | Бирдик | 0,1 |
|
21 | Капиталдык салымдарды өздөштүрүү деңгээли | ФМ | % | 0,2 |
|
22 | Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу теңдөө трансферттеринин деңгээлинин төмөндөшү | ФМ | % | 0,1 |
|
23 | Бюджеттик мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдыгы(1) | ЭМ караштуу ЭКК, ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК | % | 0,05 |
|
3. Башкаруунун сапаты | 10 | ||||
24 | Жогору турган башкаруу органдарынын аткарылган тапшырмаларынын жана чечимдеринин үлүшү, а.и.: - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткаруу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмаларын аткаруу | Шаарлардын мэриялары | % | 0,4 |
|
25 | Жарандардын кайрылууларын өз убагында жана толук кароо | Шаарлардын мэриялары | % | 0,3 |
|
26 | "Санарип аймак" АМС калктын саны боюнча маалыматтарды толтуруу жана актуалдаштыруу даражасы | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | % | 0,2 |
|
27 | Кесиптик деңгээлин жогорулаткан кызматкерлердин үлүшү | Шаарлардын мэриялары | % | 0,1 |
|
4. Калктын ишеним индекси | 20 | ||||
28 | Облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын ишине калктын мамилеси | УСК, СИУИ | % | 1 |
|
Максималдуу баа | 100 | ||||
Эскертүү:
1) (1) - өткөн жылдын маалыматтары;
2) (2) - отчеттук мезгилдин 9 айы үчүн маалыматтар;
3) (3) - чакан ишканаларды эсепке албастан январь-декабрь үчүн маалыматтар.
3-глава. Баалоо жүргүзүүнү уюштуруу
5. Баалоону жүргүзүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 303-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү системасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарын жылдын отчеттук мезгилине баалоо индикаторлорунун болжолдук (пландык) маанилерин түзүү;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоо индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанилерин аныктоо;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулуктун бирдейлештирилген формаларын даярдоо.
4-таблица
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Индикаторлордун аталышы (ИА) | Индикаторлордун пландык мааниси (ИПМ) | Индикаторлордун иш жүзүндөгү мааниси (ИИМ) | Индикаторго жетишүү деңгээли %, (ИЖД) | Ар бир көрсөткүчтүн салмагы | Натыйжалуулуктун көрсөткүчүн баалоо (НКБ) |
Экономика жана социалдык чөйрө (акыркы натыйжалар) | ИА1 | ИПМ1 | ИИМ1 | ИЖД1 | В1 | НКБ1 |
ИА2 | ИПМ2 | ИИМ2 | ИЖД2 | В2 | ||
*** |
| *** | *** | *** | ||
*** | *** | ИИМn | *** |
| ||
Башкаруучулук салым | *** | *** | *** | *** | *** | НКБ2 |
*** | *** | *** | *** | *** | ||
*** | ИПМn | *** | *** | *** | ||
Башкаруу сапаты | *** ИАn | 100 | *** | *** | *** | НКБ3 |
Калктын ишеним индекси | 100 | ИИМn | ИЖДn | 100 | НКБ4 | |
Индикаторлордун аталыштары жана маанилери ушул Методиканын 1-3-таблицаларында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине калктын мамилеси" жана "Башкаруунун сапаты" көрсөткүчтөрүнүн пландык маанилери 100%га барабар кабыл алынат.
"Калктын ишеним индексинин" (мындан ары - КИИ) иш жүзүндөгү мааниси Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту тарабынан калкты сурамжылоонун натыйжалары боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 471 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн "Калктын ишеним индекси" көрсөткүчүнүн натыйжаларын алуу үчүн маалыматтарды иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
4-таблицаны толтурууда баалоонун ар бир индикаторуна жетүү даражасы (мындан ары - ИЖД) индикаторго жетүүнүн иш жүзүндөгү маанисин (мындан ары - ИИМ) индикатордун пландык маанисине (мындан ары - ИПМ) бөлүү жолу менен эсептелет:
ИЖДn = ИИМn / ИПМn
Маанинин төмөндөшү максаттуу болуп саналган көрсөткүчтөр үчүн жетүү даражасы ИПМны ИИМге бөлүү жолу менен эсептелет (н: дотациялык айыл аймактарынын үлүшү, трансферттердин азайышы):
ИЖДn = ИПМn / ИИМn
Эгерде айрым индикаторлор үчүн ИЖД мааниси бирдиктен чоң болсо, андан аркы эсептөөлөрдө ИЖД бирдик катары кабыл алынат.
Эгерде ИЖД белгини өзгөртсө (мисалы, азаюу пландалса, ал эми иш жүзүндө көбөйүү болуп калса), анда ИЖД терс маанини кабыл алат жана тиешелүү түрдө андан ары суммалоодо анын мааниси кемитүү белгиси менен эске алынат.
Ар бир индикаторго анын маанилүүлүгүн чагылдырган Вn салмагы берилет.
Бир блоктун алкагындагы индикаторлордун таразаларынын суммасы 1ди түзүүгө тийиш, мисалы:
В1 + В2 + ... + Вn = 1
Натыйжалуулук көрсөткүчүн баалоо (мындан ары - НКБ) алардын салмагына индикаторлорго жетүү даражасынын көбөйтүндүсүнүн суммасы катары эсептелет:
НКБ = (ИЖД1 × В1) + (ИЖД2 × В2) + ... + (ИЖДn x Вn)
Эсептешүү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
- ар бир индикатор боюнча ИЖД аныктамасы;
- ИЖД маанисин тиешелүү салмакка көбөйтүү;
- бардык индикаторлор боюнча алынган маанилерди суммалоо.
НКБ мааниси 0дөн 1ге чейин, мында:
N - блоктогу индикаторлордун жалпы саны;
ИЖДn - n индикаторго жетүү даражасы;
Вn - n индикатордун салмагы.
Блоктордун салмактарын эске алуу менен иштин натыйжалуулугун баалоону эсептөө
НКБ1дин алынган мааниси (экономика жана социалдык чөйрө боюнча көрсөткүчтөр (акыркы натыйжалар) блок үчүн максималдуу баллга көбөйтүлөт (50) жана 4-таблицага киргизилет.
НКБ2нин алынган мааниси (башкаруучулук салым боюнча көрсөткүчтөр) блок үчүн максималдуу баллга көбөйтүлөт (20) жана 4-таблицага киргизилет.
НКБ3түн алынган мааниси (башкаруунун сапаты боюнча көрсөткүчтөр) блок үчүн максималдуу баллга көбөйтүлөт (10) жана 4-таблицага киргизилет.
НКБ4түн алынган мааниси (КИИ) блок (20) үчүн максималдуу баллга көбөйтүлөт жана 4-таблицага киргизилет.
Иштин жыйынтыктоочу баасы бардык блоктор боюнча баллдын суммасы катары эсептелет:
Жыйынтыктоочу балл = Баллдар1 + Баллдар2 + Баллдар3 + Баллдар4
Жыйынтыктоочу баллдын мааниси "Баалоонун жыйынтык мааниси" графасына 4-таблицага киргизилет.
4-глава. Отчеттуулук формаларын толтуруу
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарынын отчеттуулук формаларын толтуруу үчүн 5-таблица колдонулат.
5-таблица
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары
№ | Индикатордун аталышы | Сандык мааниси | Максималдуу балл | Баалоо баллы |
1 | Экономикалык жана социалдык чөйрө (акыркы жыйынтыктар) | 3-таблицага ылайык эсептелген НКБ1 мааниси | 50 |
|
2 | Башкаруучулук салым | НКБ2 | 20 |
|
3 | Башкаруу сапаты | НКБ3 | 10 |
|
4 | Калктын ишеним индекси | НКБ4 | 20 |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтык мааниси (индикаторлордун сандык маанисин эске алуу менен баллдардын суммасы) |
|
5-глава. Алынган баалардын квалификациясы
7. Алынган баллдарга ылайык алынган баалардын квалификациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси 6-таблицага ылайык киргизилет.
6-таблица
Баалоонун көрсөткүчүнүн сандык мааниси жана баалардын квалификациясы
Баалоонун көрсөткүчүнүн сандык мааниси | Баалардын квалификациясы |
85-100 балл | А (эң жакшы) |
70-84 балл | В (жакшы) |
55-69 балл | С (канааттандырарлык) |
55 баллдан аз | D (канааттандырарлык эмес) |
8. Жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча ушул Методиканын 7-9-таблицаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын рейтингдеринин таблицалары түзүлөт.
7-таблица
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын рейтинги
№ | Аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
1 |
|
|
|
8-таблица
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын рейтинги
№ | Аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
1 |
|
|
|
9-таблица
Облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын рейтинги
№ | Аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
|
|
|
|
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча комиссия жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун рейтингинде орундарды аныктайт.
Кыскартуулардын тизмеси
КРПА | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
Агартуумин | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
СММ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЭМ караштуу ЭКК | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат |
ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
СИУИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |