Редакцияот 14.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү

13-кеңешмеси

 

2026-жылдын 14-январы № 137

 

Каттуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди

бекитүү жөнүндө

 

“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасыны Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле жерди пайдалануу, архитектура, курулуш унаа жолдор, мал чарбачылыгы, муниципалдык менчик, мыйзамды сактоо, укук тартиби туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Чоң-Алыш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 13-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтик бекитилсин:

-калк үчүн тарифтик төлөм ар бир түтүнгө 100сом өлчөмүндө:

-ишканалар, коммерциялык объекттер үчүн бир айга 300сом өлчөмүндө.

2. Курулуш таштандылары, жаныбарлардын кыгы, отун жана көмүр күлү, чөп жана чөптүн калдыктары чыгарылбасын.

3. Ушул токтом Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.

4. Чоң-Алыш айыл кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Аталган токтом менен иш алып баруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси М. Сахидиновко милдеттендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика бюджет, соода өнөр жай, инвестициялар жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т. Бейшеналиев