Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“1”апрель 2026-жылдагы № 26
Жер участогун ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси” Мыйзамынын 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун типтүү жобосунун 4-бөлүмүнүн 11-пунктусуна, 2025-жылдын 10-январындагы №7 Жер тилкесинин планына жана көз карандысыз баалоочунун 2026-жылдын 30-январындагы №ЗУ баалоо корутундусуна ылайык, Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылынын переулок Каиндинская номери жок (н/ж) дарегинде жайгашкан жалпы аянты 990,0 м2 болгон жер тилкесин (унаа токтотучу жай) Егембердиев Урмат Каратаевичке 35 400 сом (отуз беш миң төрт жүз) сом баасы менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Курама айыл өкмөтүнө: ижара келишимин мыйзам талаптарына ылайык түзүү, жер тилкесин белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана төлөм каражаттарын тиешелүү бюджеттик эсепке түшүрүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |