Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын ар жылдык негизде чыгаруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын ар жылдык негизде чыгаруу процессин (мындан ары - Тартип) регламенттейт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун ар жылдык негизде баалоо төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт:
1) административдик-аймактык түзүлүштөрдү өнүктүрүүнүн акыркы натыйжаларын мүнөздөөчү негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, анын ичинде экономикалык өсүштүн жана социалдык чөйрөнүн көрсөткүчтөрү;
2) башкаруучулук салымды чагылдырган негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, алардын динамикасына мамлекеттик башкаруу органдары башкаруучулук чечимдерди, мамлекеттик жана региондук программаларды ишке ашыруу, ошондой эле тапшырмаларды аткаруу аркылуу түздөн-түз же олуттуу таасирин тийгизет;
3) башкаруунун сапаты, анын ичинде аткаруучулук тартип, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн натыйжалуулугу жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн "Калктын ишеним индекси" (КИИ) көрсөткүчүнүн маанисин алуу үчүн калкты сурамжылоонун жыйынтыктары.
3. Иштин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
2-глава. Ишти баалоонун жыйынтыктарын чыгарууну уюштуруу
4. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги саналат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул Тартиптин 2-пунктунда аталган көрсөткүчтөрдү чагылдыруучу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттары берген маалыматтарга экспертиза жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон зарыл болгон маалыматтарды суроого жана тийиштүү ишти жүргүзүү үчүн Комиссияга жиберүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун отчетторун камтыган жыйынды маалыматты (7-пунктту караңыз) жөнөтөт.
5. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен жүргүзөт, отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан берилген материалдарды карайт.
6. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары боюнча рейтингди аныктайт.
7. Рейтингдеги орундарды аныктоо Комиссия тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги даярдаган жыйынды отчеттун;
2) аткаруу жана эмгек тартибинин абалы жөнүндө отчеттордун.
8. Аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн рейтингдик таблицасындагы диспропорцияларды теңдөө максатында Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин көрсөткүчтөрүн эске алуу менен 1,5 баллга барабар жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен коюлган баллдарды түзөтүүгө укуктуу.
9. Рейтингдин лидерлерин аныктоо Комиссиянын жыйналышынын протоколу менен таризделет жана Комиссиянын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.
10. Коюлган баллдардын негизинде натыйжаларды ранжирлөөнүн жыйынтыгы боюнча баалардын төмөнкүдөй квалификациялары белгиленет: "эң жакшы", "жакшы", "канааттандырарлык", "канааттандырарлык эмес".
Баалоонун натыйжалары кадрдык чечимдер боюнча сунуштарды даярдоодо, ошондой эле тиешелүү органдардын жетекчилерине карата сыйлоо жана жоопкерчилик чараларын колдонууда пайдаланылууга тийиш.
11. Рейтингдин лидерлерин аныктоо боюнча Комиссиянын чечими Комиссиянын жыйналышынын протоколу менен таризделет жана ага Комиссиянын төрагасы кол коёт.
3-глава. Рейтингдин лидерлерин аныктоонун жыйынтыгы боюнча дем берүүчү төлөмдөр
12. Рейтингдин лидерлерин сыйлоо жана каржылоо жөнүндө чечим Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
13. Рейтингдин лидерлеринин жалпы байге фонду 18000000 (он сегиз миллион) сомду түзөт.
14. Рейтингдин лидерлеринин байге фонду төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын аппараттары үчүн:
- 1-орун үчүн - 3,0 млн. сом;
- 2-орун үчүн - 2,0 млн. сом;
- 3-орун үчүн - 1,0 млн. сом;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн:
- 1-орун үчүн - 3,0 млн. сом;
- 2-орун үчүн - 2,0 млн. сом;
- 3-орун үчүн - 1,0 млн. сом;
3) облустук маанидеги шаарлардын мэриялары үчүн:
- 1-орун үчүн - 3,0 млн. сом;
- 2-орун үчүн - 2,0 млн. сом;
- 3-орун үчүн - 1,0 млн. сом.
15. Байге каражаттарын тескөөчү жана пайдаланууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары эсептелет.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдери менен байге каражаттары төмөнкүлөргө багытталышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлерине, анын ичинде техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү төлөмдөргө алынган байге фондунун 60 пайызы өлчөмүндө;
2) материалдык-техникалык базаны жакшыртууга (компьютердик жабдуулар, программалык камсыздоо, уюштуруу техникасы, байланыш каражаттары, комплекттөөчүлөр, эмеректер, оңдоо, техникалык тейлөө ж.б.) алынган байге фондунун 40 пайызы өлчөмүндө.