Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“24”апрель 2026-жылдагы № 27
Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №5 “2026-жылга карата Курама айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берилип, бирок ушул жылы мөөнөтү бүткөн жерлерди аукционго коюу жана 1 га жерге болгон ижара акысын бекитип берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: Контур №136-6 га кайрак айдоо жери-ижара акысы 4000 сом 1 га үчүн деп алмаштырылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу социалдык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |