Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-майы № 348-т
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү бөлүгү болуп саналган суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча эсептик көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) төмөнкү эл аралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында берилген, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирликтеринин (тиркемеге ылайык) мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча карыздарынын калдыктарын эсептен чыгарсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2000-жылдын 16-майындагы № 1726-KGZ Кредиттик макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылып жаткан "Айыл чарбасын региондук өнүктүрүү";
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2000-жылдын 29-июнундагы № 3369-KG Кредиттик макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылып жаткан "Ички чарбалык сугат";
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2006-жылдын 21-июнундагы № Н-212 KG Өнүктүрүү максаттарына грант жөнүндө макулдашуунун жана Долбоорду кошо каржылоого Япония Өкмөтүнүн гранты (грант № ТР 056324) боюнча макулдашуу жөнүндө Каттын негизинде жүзөгө ашырылып жаткан "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу";
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2007-жылдын 29-августундагы № Н 312-KG Каржылоо жөнүндө макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылып жаткан "Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору";
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн 2011-жылдын 25-июлундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Кредит № 4982-KG, Грант № Н 718-KG) негизинде жүзөгө ашырылып жаткан "Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору үчүн кошумча каржылоо";
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн 2016-жылдын 18-мартындагы № TF0A0645 Гранттык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылып жаткан "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу";
2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн субъекттердин бюджеттик кредиттери боюнча карыздарынын эсептик көрсөткүчтөрү эсептен чыгарылгандыгына байланыштуу аларды шайкеш келтирсин;
3) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн субъекттердин карыздарынын суммаларын өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүшүн токтотуу боюнча чараларды көрсүн;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жөнөтүлсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |