Редакцияот 08.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  ХVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                                                     №90 Т О К Т О М У

2026-ж. 27-апрель

 

Улахол айыл аймагынын мал салыктарынын тарифин бекитүү  жөнүндө.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

      Улахол айылдык муниципалдык ишкананын директору Жумабек уулу Канаттын Улахол айыл аймагынын мал салыктарынын тарифин бекитүү боюнча  билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Улахол айыл аймагынын мал салыктарынын тарифи бодо малга 85 сом, кой, эчкиге 25 сом, козу 14 сом, ички топоз 800 сом, сырткы топоз 1000 сом болуп бекитилсин.

 

  1.  Бекитилген тариф боюнча токтомдун аткарылышы Улахол муниципалдык ишканасынын директору Жумабек уулу Канатка  жүктөлсүн.

 

 

  1.     Улахол айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги №90-токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

  1.      Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага          К.Бейшеев