Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25 майы № 369-т
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинин, 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Учкун» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук тутумунун оператору (администратору) болуп аныкталсын (мындан ары – маркалоо оператору).
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук тутумунун оператору (администратору) аныкталгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалымат тутумунун (мындан ары – «Товарларды маркалоо» МАМТ) маркалоо операторуна үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планын бир жумалык мөөнөттө бекитсин;
2) маркалоо оператору менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзсүн;
3) андан ары жайылтуу, коштоону камсыз кылуу, адаптациялоо, модернизациялоо, өркүндөтүү, техникалык тейлөө жана коштоо, ошондой эле администрациялоо үчүн менчик укугун өткөрүп берүүсүз «Товарларды маркалоо» МАМТны жана анын чакан системаларын маркалоо операторуна акысыз негизде өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо коддорун генерациялоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын белгилесин.
5. Маркалоо операторуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан «Товарларды маркалоо» МАМТны жана анын чакан системаларын менчик укугун өткөрүп берүүсүз кабыл алуу;
2) «Товарларды маркалоо» МАМТны жана анын чакан системаларын коштоону, адаптациялоону, модернизациялоону, өркүндөтүүнү, техникалык тейлөөнү жана администрациялоону, алардын толук иштеши үчүн керектүү эсептөөчү кубаттуулуктарды, инфратүзүмдү жана администрациялык колдоону камсыз кылуу.
6. «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) маркалоо оператору менен биргеликте «Товарларды маркалоо» МАМТнын жана анын чакан системаларынын маркалоо операторуна үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына толук иштөөсүн камсыз кылуу үчүн «Товарларды маркалоо» МАМТны пайдалануу үчүн иштелип чыккан маалыматтык системалардын программалык камсыздоолорун акысыз негизде өткөрүп берүү;
3) «Товарларды маркалоо» МАМТнын маркалоо операторуна өтүү мезгилинде экономикалык иш субъекттерин маркалоо коддору менен камсыз кылуу.
7. 2026-жылдын 15-июнунан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 284-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 35-т тескемеси.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |