Редакцияот 08.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  ХVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                        

                                             №92 Т О К Т О М У

2026-ж. 27-апрель

 

Улахол айыл аймагынын Шор-Булак айылынын таштанды полигонду жабуу жөнүндө.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

      Улахол айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер жайыт жана муниципалдык менчик маселелери  боюнча туруктуу комитетинин  билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шор-Булак айылындагы таштанды төгүлүүчү полигону боюнча Улахол айылдык кеңешинин 19.08.2022-жылдагы 84 - токтому жокко чыгарылсын.

 

  1. Таштанды  төгүлүүчү полигондун жерин ылайыктуу башка жерден кароо айыл өкмөттүн башчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

 

  1.   Улахол айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги №92-токтому Ысык-Көл                               областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

1.     Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

     Төрага          К.Бейшеев