Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
14-кеңешмеси
2026-жылдын 17-февралы № 143
Чоң-Алыш айыл аймагындагы калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди белгилөө жөнүндө
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Чоң-Алыш айылдык кеңештик туруктуу комиссиянын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ -чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагынын абоненттерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү төмөнкү тарифте бекитилсин.
Чат-Базар айылына
- тарифтик төлөм ар бир түтүнгө ай сайын 100сом;
- май, июнь, июль, август айларында ар бир түтүнгө 200сом;
- биринчи жолу үйүнө суу киргизгенде бир жолку төлөм 2000сом;
- коммерциялык объекттер үчүн ай сайын 300сом;
- Талас райондук К.Токтогулов атындагы ооруканасы кварталына 25000 миң
сомдом жылына 100 000 (бир жүз миң);
- Талас РОВДга караштуу ПОМуна, А.Эшалиева атындагы балдар
бакчасына, А.Оторбаев атындагы орто мектебине, ӨКМ дин Чат-Базар бөлүмүнө квартал сайын 10 000 миң сомдон жылына 40 000 (кырк миң) сомдон өлчөмүндө.
Манас айылына
-тарифтик төлөм ар бир түтүнгө ай сайын 100сом өлчөмүндө;
-коммерциялык объектер үчүн ай сайын 300сом өлчөмүндө.
2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдын 17- февралынан баштап Чоң-Алыш айыл аймагында колдонууга киргизилсин.
3. Ушул токтом Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Чоң-Алыш айыл кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика бюджет, соода өнөр жай, инвестициялар жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |