КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-июну № 521-VIII
«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү
киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.О. Акимбаева, Г.М. Баатырова, Р.Р. Рысбаев, Т.А. Масабиров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 5-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7802 расмий сайтында жарыялынды
Төрага | М.А. Маматалиев |