ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майы № 349 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99»Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция18.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 18-майы № 349

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объекттерди тартипке келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

– «Б» категориясы (маанилүү объектилер)» бөлүмүнүн «Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер» графасы төмөнкүдөй мазмундагы 17, 18-пункттар менен толукталсын:

«17. «Имоту Энтерпрайз» ЖАК.

18. «Карабалта тоо кен компаниясы» ЖЧК.»;

– «В» категориясы (олуттуу объектилер)» бөлүмүнүн «Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер» графасынын 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев