Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга (мындан ары - жабыр тартуучулар) жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салат, координацияланган мамилени камсыз кылууга багытталган жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) жана мамлекеттик эмес уюмдардын "бирдиктүү терезе" принцибинин негизинде жабыр тартуучуларга комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмин аныктайт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү тартиби төмөнкү милдеттерди чечүү максатында белгиленет:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин координацияланган иш-аракеттери аркылуу жардамдын зарыл түрлөрүн алуу үчүн "бирдиктүү терезе" - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитетке (мындан ары - ЖК) кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
2) жабыр тартуучулардын жеке муктаждыктарын эске алуу менен комплекстүү жардамды ыкчам көрсөтүү жана коргоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибинде аларды тийиштүү мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга кайра жиберүү.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) медициналык-санитардык жардам - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча чаралардын комплекси, анын ичинде медициналык реабилитациялоону жүзөгө ашыруу;
2) психологиялык жардам - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга көрсөтүлүүчү, алгачкы жана андан аркы психологиялык колдоого багытталган иш-чаралардын комплекси;
3) социалдык жардам - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга турмуштук оор кырдаалдан коргоо жана чыгаруу максаттарында социалдык кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле социалдык реабилитациялоого көмөк көрсөтүүгө багытталган чаралардын комплекси;
4) юридикалык жардам - "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча чаралардын комплекси;
5) маалыматты берүүгө жабыр тартуучунун макулдугу талап кылынбаган өзгөчө жагдайлар - жабыр тартуучунун же башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу же потенциалдуу коркунучтун болушу, кылмыш же укук бузуу белгилерин билдирген жосундарды жасоо, мында ыйгарым укуктуу органдар жабыр тартуучунун эркине карабастан жооп кайтаруу чараларын көрүүгө милдеттүү. Мындай учурларга жабыр тартуучунун же үчүнчү жактардын ден соолугуна ар кандай оордук деңгээлинде зыян келтирүү, өлтүрүү же оор зыян келтирүү коркутуулары, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун болушу, анын ичинде түздөн-түз коркунуч белгилери, кайталанма зомбулуктун жогорку ыктымалдуулугу, балага карата же анын катышуусунда жасалган зомбулук, ошондой эле системалуу мүнөздөгү зомбулук жана аны эскалациялоонун жогорку тобокелдиги, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам тарабынан коркутуулардын, куугунтуктоонун же контролдоонун болушу кирет.
2-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүү принциптери
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүү төмөнкү принциптерге негизделет:
1) үй-бүлөлүк зомбулук учурларына чара көрүүдө, жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүүдө жана уюштурууда коопсуздукту камсыз кылуу;
2) жабыр тартуучулардын укуктарынын, мыйзамдуу кызыкчылыктарынын жана кадыр-баркынын артыкчылыгын камсыз кылуу;
3) балдарды жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, купуялуулукту сактоо жана жардамды алуунун ыктыярдуулугун камсыз кылуу;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү жана алардын аракеттерин координациялоо аркылуу комплекстүү жардам көрсөтүү.
Ишке ашыруу "Санариптик экономика" мамлекеттик программасынын алкагында тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Калкка жардамдын түрлөрү жөнүндө маалымдоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучулардын кайрылуу тартиби
5. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга маалымдоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан шаарлардын жана айыл аймактарынын расмий сайттарына жана маалымат такталарына төмөнкүдөй маалыматты көрсөтүү менен көрсөтүлүүчү жардам жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) тиешелүү аймакта жардам көрсөтүүчү органдардын жана уюмдардын аталышы;
2) даректер жана байланыш маалыматтары (телефон номерлери, расмий электрондук даректер);
3) иш графиги;
4) жардамдын түрлөрүнүн тизмеги.
6. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир мамлекеттик орган ЖӨБОго үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлгөн адистер жөнүндө актуалдуу байланыш маалыматтарын берет.
7. Жабыр тартуучулар жашаган жери боюнча төмөнкү мамлекеттик органдардын жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алат:
1) ички иштер органдары;
2) прокуратура органдары;
3) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары;
4) саламаттык сактоо уюмдары;
5) юридикалык жардам кызматтары;
6) билим берүү уюмдары;
7) адвокатура (алардын компетенциясынын чегинде);
8) мэриялар, айыл өкмөттөрү (жергиликтүү комитеттер);
9) коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор), баш калкалоочу жайлар) жана башка органдар (алардын компетенциясынын чегинде).
8. Жабыр тартуучу мамлекеттик органга жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине төмөнкү документтерди (алар бар болсо) берет:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
2) убактылуу коргоо ордери;
3) кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү каттоого кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо талону;
4) маалымкат же медициналык картадан көчүрмө.
9. Жабыр тартуучуларга жардам төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
1) жабыр тартуучунун же үй-бүлөлүк зомбулук факты жөнүндө билдирген каалаган адамдын кайрылуусу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге кабарлоо жана/же кайра жиберүү;
3) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер аныктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары же белгилери;
4) шашылыш ыкчам кызматтардан келип түшкөн маалымат;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-ресурстардан алынган маалымат;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын расмий электрондук почтасынын дарегине келген электрондук кайрылуу.
10. Жабыр тартуучу төмөнкү шашылыш ыкчам кызматтарга, анын ичинде анонимдүү түрдө кайрылган учурда:
1) 102 - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук тартипти сактоо кызматы;
2) 103 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Тез медициналык жардамы;
3) 111 - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси;
4) 112 - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматы;
5) 114 - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы;
6) 115 - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты;
7) 117 - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык коргоо шыр байланышы.
11. Ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн шашылыш кызматтардын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жабыр тартуучуну жеке өзү же электрондук кайрылуу аркылуу кайрылууга кызыктырууга багытталган маекти жүргүзүүгө;
2) жабыр тартуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун бар же жок экендигин аныктоого;
3) маалыматты берүүгө жабыр тартуучунун макулдугу талап кылынбаган өзгөчө жагдайлар катары ушул Тартипте каралган учурларда үй-бүлөлүк зомбулук факты жөнүндө тиешелүү аймактык мамлекеттик органдарга токтоосуз маалымдоого;
4) үй-бүлөлүк зомбулук кимге карата жана ким тарабынан жасалганын, үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жерди жана убакытты, ден соолукка келтирилген зыянды, жабыр тартуучу медициналык жардам үчүн кайрылганын, башка жагдайларды (үй-бүлөлүк зомбулуктун мурдагы учурлары, өмүрүнө жана ден соолугуна мүмкүн болгон зыян келтирүү үчүн куралдын же башка предметтердин болушун) аныктоого;
5) жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүүчү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери жөнүндө маалымат берүүгө, тактап айтканда төмөнкүлөр жөнүндө:
- ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн байланыш маалыматтары жана үй-бүлөлүк зомбулук фактына алар тарабынан көрүлгөн чаралар;
- консультациялык-алдын алуу борборлорунун (кризистик борборлордун), баш калкалоочу жайлардын, башка социалдык кызматтардын байланыш маалыматтары жана алар көрсөткөн кызматтардын тизмектери;
6) башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин жардамынын түрлөрү жөнүндө маалымат алуу үчүн жабыр тартуучуну аймактык социалдык камсыздоо башкармалыктарына кайра жиберүүгө;
7) үй-бүлөлүк зомбулук факты тууралуу билдирүүнү мыйзамда белгиленген тартипте билдирүүлөрдү каттоо журналына каттап жазууга;
8) алынган маалыматтын булактарынын купуялуулугун сактоого, аны ачыкка чыгарбоого, балдарга жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларды кошпогондо, ошондой эле жабыр тартуучулардын маалымдалган макулдугу болгон учурларда. Ошол эле учурда жабыр тартуучулардын жакын туугандарына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин аймактык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан жабыр тартуучулардын өздөрүнүн макулдугу менен маалымдалат;
9) жабыр тартуучу жеке кайрылууга жана маалыматтарды берүүгө макулдук берген учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекти жабыр тартуучуну электрондук документтештирүү системасы аркылуу же кагаз түрүндө же электрондук почта аркылуу ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча кайра жиберүү жөнүндө бланкты тиешелүү органга жиберет.
12. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери прокуратура органдары тарабынан бекитилген отчеттуулукту түзүүнүн жана берүүнүн бирдиктүү тартибине ылайык үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо журналын жүргүзөт.
13. Жабыр тартуучу алыскы административдик-аймактык бирдиктердеги үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине кайрылган учурда алар ыйгарым укуктуу адистер менен онлайн режиминде консультациялар аркылуу жардам уюштурат.
4-глава. Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо комитетинде жабыр тартуучуларга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартиби
14. Жабыр тартуучуларга мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан өз компетенциясынын чегинде кечиктирилгис укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам берилет жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо берилет.
15. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүү тартиби жана "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизминин иштеши республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы аймактык социалдык камсыздоо башкармалыгы менен макулдашуу боюнча жабыр тартуучуга жардам берүү пункттарын "бирдиктүү терезе" принциби боюнча уюштурат жана ЖК мүчөлөрүнүн ичинен координаторду дайындайт.
17. Башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринен маалымат алынган учурдан тартып же ЖКга үй-бүлөлүк зомбулук факты жөнүндө билдирүү келип түшкөндө координатор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо факты жөнүндө билдирүүнү кабыл алууга;
2) жабыр тартуучуларга үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо укуктары жөнүндө маалымдоого;
3) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында ЖК жардам алууга макулдук алууга (зарыл болгон учурда);
4) жабыр тартуучуну алгачкы кабыл алууну жүргүзүүгө жана анын муктаждыктарын баалоого;
5) зарыл болгон учурда шашылыш (тез) медициналык жардам бригадасын чакырууга;
6) аймактык социалдык камсыздоо башкармалыгынын жооптуу адиси менен биргеликте онлайн режиминде жыйындар, мобилдик байланыш, электрондук почта же тиешелүү аракеттерди жаздырууга мүмкүндүк берген башка мессенджерлер аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмин ишке киргизүүгө;
7) тобокелдиктерди баалоо протоколуна ылайык зомбулуктун жогорку коркунучу бар учурларда ЖКнын шашылыш жыйынын демилгелөөгө;
8) аймактык социалдык камсыздоо башкармалыгынын жооптуу адиси менен макулдашуу боюнча ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык жардамдын атайын программасын (мындан ары - ЖАП) иштеп чыгууга, ал ЖК төрагасы тарабынан бекитилүүгө тийиш;
9) жабыр тартуучуну (жабыр тартуучуларды) ЖАП алуунун бардык этаптарында коштоп жүрүүгө.
18. ЖК мүчөлөрү өз компетенциясынын алкагында ЖАП ишке ашырылышын жана кызматтардын өз убагында көрсөтүлүшүн камсыз кылууга милдеттүү, тактап айтканда:
1) ички иштер органдары:
- социалдык камсыздоо башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринен ЖК мүчөлөрүнүн көмөктөшүүсү менен зомбулукка кабылуу коркунучу жогору болгон жабыр тартуучуларды алардын макулдугу менен токтоосуз түрдө коопсуз жерге жайгаштырууга;
- эгерде жабыр тартуучу мындай маалыматты берүүгө макул болсо, үй-бүлөлүк зомбулук факты жөнүндө координаторго, ошондой эле башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине маалымдоого, балдарга жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулук учурларын кошпогондо, алардын макулдугу талап кылынбайт;
- кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;
2) саламаттык сактоо уюмдары:
- кайрылган учурдан тартып медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде жабыр тартуучуларга медициналык реабилитациялоону жүзөгө ашырууга;
- үй-бүлөлүк зомбулук учурларын Зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн медициналык документтештирүү эрежелерине ылайык документтештирүүгө, кайрылган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде алардын макулдугу менен аймактык ички иштер органына токтоосуз билдирүүгө. Жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучулардын макулдугу талап кылынбайт;
- үй-бүлөлүк зомбулук учурлары аныкталганда жана коштолгондо "бирдиктүү терезе" принциби боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө;
3) социалдык камсыздоо башкармалыктары:
- балдарга жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда билдирүү келип түшкөндөн кийин жыйырма төрт сааттын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жерге чыгууга;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жабыр тарткан баланын муктаждыктарына баалоо жүргүзүүгө жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери менен биргеликте баланы коргоонун жекече программасын жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн программасын даярдоого;
- жабыр тартуучунун үй-бүлө менен жекече иштөө программасынан өтүшүн уюштурууга, аталган программанын иш-чараларын аткаруу боюнча субъекттердин ишин координациялоого, зарыл болгон учурда башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине кайра жиберүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте социалдык кызматтарды көрсөтүүнү жана/же жабыр тарткан аракетке жөндөмсүз адамды социалдык тейлөө уюмуна жайгаштырууну уюштурууга, эгерде мындай адамдын үй-бүлөсү же камкорчусу менен жашашы анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурса;
- психологиялык жардам алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарына же консультациялык-алдын алуу борборлоруна (кризистик борборлорго), баш калкалоочу жайларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемесине жиберүүгө;
4) билим берүү уюмдары:
- билим алуучулар арасында үй-бүлөлүк зомбулук учурларын аныктоого;
- купуялуулук принцибин сактоо менен маалыматты ички иштер органдарына жана координаторго берүүгө;
- балдарга психологиялык жардам берүүгө көмөктөшүүгө;
5) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү чөйрөсүндөгү орган:
- жабыр тартуучуларга консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамды камсыз кылууга;
6) башка субъекттер - өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн органдар жана уюмдар.
5-глава. Маалымат берүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларды кайра жиберүү тартиби
19. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери жыйырма төрт сааттын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө же мындай зомбулукту жасоо коркунучу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына кабарлоого милдеттүү, тактап айтканда:
1) социалдык камсыздоо башкармалыктары;
2) менчигинин түрүнө карабастан балдарга карата билим берүү уюмдары;
3) саламаттык сактоо уюмдары (менчигинин түрүнө карабастан) жабыр тартуучунун макулдугу менен кайрылган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде. Жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучулардын макулдугу талап кылынбайт;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөрү).
Кабарлоодо милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жер жана убактысы;
- кимге карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган;
- үй-бүлөлүк зомбулук ким тарабынан жасалган;
- үй-бүлөлүк зомбулук факты жөнүндө кабарлаган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъектинин өкүлүнүн аты-жөнү, кызмат орду.
20. Эгерде жабыр тартуучу жардамдын башка түрлөрүн алууга муктаж болсо, анда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъектинин аймактык бөлүмүнүн адиси аны компетенциясына тиешелүү жардам берүү кирген субъектке кайра жиберет.
21. Жабыр тартуучуну кайра жиберүү ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъектинин аймактык бөлүмү тарабынан кайра жиберүү жөнүндө бланкты арыз ээсине берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
22. Жабыр тартуучуну кайра жиберүү жөнүндө бланк эки нускада толтурулат, алардын бири жабыр тартуучуга берилет, ал эми экинчиси калат жана көрсөтүлгөн жардамдын мөөнөттөрүн жана натыйжаларын андан ары контролдоо үчүн кайра жиберүүнү жүзөгө ашырган субъектте сакталууга тийиш.
23. Кайра жиберүү жөнүндө бланк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарына ылайык жабыр тартуучу кайра жиберилген субъект тарабынан каттоого алынууга тийиш.
24. Жабыр тартуучу кайра жиберилген үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекти кайра жиберилген учурдан тартып он күндүн ичинде кайра жиберилген жабыр тартуучуга жардам көрсөтүлгөндүгү же көрсөтүлбөгөндүгү тууралуу кайра жиберген адиске жана координаторго билдирүүгө милдеттүү.
25. Жабыр тартуучу маалыматты берүүдөн жана башка органдарга билдирүүдөн баш тарткан, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар болгон өзгөчө жагдайларда төмөнкүдөй кадамдык аракеттер сунушталат:
1) жабыр тартуучунун укуктарын, жардамдын жеткиликтүү түрлөрүн жана коргоо чараларын түшүндүрүү, баш тартуунун мүмкүн болгон тобокелдиктери жөнүндө маалымдоо жана макулдуксуз кийлигишүү мүмкүн болгон учурларды түшүндүрүү;
2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч белгилерин жазуу, зарыл болгон учурда психологду же социалдык кызматкерди тартуу;
3) жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен коркунучтун алдын алуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жабыр тартуучунун макулдугусуз ыйгарым укуктуу органдарга (ички иштер органдарына жана башкаларга) маалыматты берүү;
4) маалыматка жетүү мүмкүндүгү бар адамдардын чөйрөсүн чектөө жана мыйзамдуу негиздерсиз аны ачыкка чыгарууга жол бербөө;
5) психологиялык, социалдык жана юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
|
| Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү тартибине 1-тиркеме |
Маалыматты өткөрүп берүү жөнүндө маалымдалган макулдук
_____________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин толук аталышы)
_____________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулук фактысын аныктаган, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин толук аталышы)
үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтөт.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үй-бүлөлүк зомбулук - бул үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, куугунтуктоосу, ошондой эле этибарсыз мамилеси.
Сизге документке үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам катары кол коюу сунушталат. Бул документке кол коюу менен сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды (фамилияңыз, атыңыз, атаңыздын аты, байланыш маалыматыңыз, турмуштук кырдаалдын кыскача сүрөттөлүшү)
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин аталышы)
кызматкерлерине өткөрүп берүүгө уруксат бересиз.
Бул маалыматтын негизинде ___________________________________________________________________
______________________________________________________________________________ адиси сиз менен (үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин аталышы)
сиз үчүн эң ыңгайлуу жол менен байланыша алат.
Сиз жана сиздин үй-бүлөңүз жөнүндө ____________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин аталышы)
кызматкери тарабынан алынган бардык маалыматтар купуя болуп саналат, башкача айтканда, үчүнчү жактарга жарыялоого жатпайт.
____________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин аталышы)
жардамдын төмөнкү түрлөрүн сунуштай алат:
____________________________________________________________________________________________ (жардамдын түрүн көрсөтүңүз)
____________________________________________________________________________________________
Аталган кызматтар АКЫСЫЗ көрсөтүлөт.
Сиз _____________________________ кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудан бардык этапта баш тартууга укуктуусуз. Баш тартуу үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субъекттердеги сизди тейлөөгө таасирин тийгизбейт.
Мен бул маалымдалган макулдуктун тексти менен толугу менен таанышып чыктым. Мен өзүм жөнүндө маалыматты
____________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъектти көрсөтүңүз)
өткөрүп берүүгө ыктыярдуу түрдө макулдугумду берем жана өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем:
Аты-жөнүм __________________________________________________________________________________
Дарегим ____________________________________________________________________________________
Байланыш телефонум ________________________________________________________________________
Эскертүү. Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалымат зомбулук жасаган адам жөнүндө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында балдардын же багуудагы башка адамдардын болушу, чыр-чатактын датасы, убактысы, орду, үй-бүлөдөгү зомбулуктун жагдайлары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
20___-ж. "___" _____________ ____________________________ (колу)
Маалымдалган макулдукту кабыл алдым:
________________________________________________ | ________________ | ________________________ |
(макулдукту кабыл алган адамдын кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин байланыш телефону: __________________
____________________________________________________________________________________________
|
| Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү тартибине 2-тиркеме |
|
| МАКУЛДАШЫЛДЫ |
|
| Жергиликтүү комитеттин төрагасы _________________________________ |
|
| 20___-ж. "___" ___________________ |
Жабыр тарткан адамга атайын жардам көрсөтүү программасы
1. Жалпы маалымат
Кайрылуу күнү: _____________________________________________________________________________
Жабыр тартуучунун аты-жөнү: ________________________________________________________________
Жашы: ____________________________________________________________________________________
Дареги: ____________________________________________________________________________________
Байланыш телефону (эгерде коопсуз болсо): ____________________________________________________
АЖП тариздеген адис/уюм: ___________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
2. Тобокелдикти баалоо (эгер бар болсо)
Тобокелдиктин болушу o Жогорку тобокелдик o
20___-ж. "___" _____________ тобокелдиктерди баалоо протоколунун негизинде
3. Жеке иш-аракеттер планы
№ | Кызмат алуучунун муктаждыктары | Кызмат көрсөтүүнүн түрү | Максаты (күтүлгөн натыйжа) | Кызмат көрсөтүү күнү жана/же мезгилдүүлүгү | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайда жөнөтүлдү | Кызмат көрсөтүлгөндүгү жөнүндө белги | Сунуштар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Атайын жардам көрсөтүү программасын түзгөн координатор
__________________________________________________________________________________________ (кызматкердин аты-жөнү, кызмат орду, колу)
20___-жылдын "___" _______________
Атайын жардам көрсөтүү программасы менен тааныштым жана макулмун
__________________________________________________________________________________________ (кызмат алуучунун аты-жөнү, колу)
20___-жылдын "___" _______________
|
| Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү тартибине 3-тиркеме |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды жардам алуу үчүн жөнөтүү жөнүндө БЛАНК
_________________________________________________________________________________________, (органдын же уюмдун аталышы)
__________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________ жөнөтөт
__________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жөнөтүлгөн субъекттин аталышы)
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________ (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун аты-жөнү)
__________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________ жардам алуу үчүн
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________ (керектүү жардамдын кыскача баяндамасы)
_______________________________________________ |
| ______________________ |
(жабыр тартуучунун колу) |
| (датасы) |
|
|
|
_______________________________________________ |
| ______________________ |
(органдан/уюмдун жетекчинин колу) |
| (датасы) |