Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-майы № 348
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
Туризм чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 «Туристтик тармакта мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жумушчу органы болуп аныкталсын жана ага анын ишин маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо боюнча функциялар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү өткөрүп берүүнү камсыз кылсын:
1) туризм чөйрөсүндөгү тиешелүү документтерди;
2) «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунда акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикти кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн зарыл болгон жайлар менен камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
1) өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жалпы чектелген штаттык санды көбөйтпөстөн туризм чөйрөсүндөгү функцияларды бир штаттык бирдикке жүктөөнү карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 1-пунктчасынын он сегизинчи абзацы, 11-пункттун 10-пунктчасы, 12-пункттун 2-пунктчасынын жыйырма жетинчи – жыйырма тогузунчу абзацтары, 5-пунктчасынын он алтынчы – он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасынан «Туризм департаменти» позициясы алып салынсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пунктта «548», «107», «279» жана «64» деген цифралар тиешелүү түрдө «537», «104», «268» жана «61» деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 199-пункт менен толукталсын:
«
199 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик | 32 | 3 |
| борбордук аппарат | 32 | 3 |
»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 214-пункт менен толукталсын:
«
214 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик | 2 |
».
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 17-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 248 «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:
- 11, 16 жана 17-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү ««Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 159 «Кыргыз Республикасында жайгаштыруу каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
13. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 652 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун 7-пунктчасы.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ