Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана алардын ишин координациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча алардын иш-аракеттерин макулдашуусун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик органдардын, алардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын өз компетенциясынын чегинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо механизмин белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иш алып барган башка уюмдар;
2) координациялоо субъекттери - укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдарда аныкталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары (мындан ары - координациялоо субъекттери);
3) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңеш - укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу субъекттеринин ишин уюштуруу, координациялоо жана контролдоо максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын алдында түзүлүүчү кеңеш берүүчү жана коллегиалдуу орган.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер кызматташтыкка жана маалымат алмашууга негизделген системалуу биргелешкен ишти жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга алардын компетенциясынын чегинде укуктук, социалдык, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аныктоо, фактыга чара көрүү жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча чараларды ишке ашырууда системалуулук жана үзгүлтүксүздүк принцибине негизделет.
2-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин өз ара аракеттенүүсүнүн милдеттери жана түрлөрү
5. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин өз ара аракеттенүүсүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) алынган маалыматтын негизинде үй-бүлөлүк зомбулук учурларын аныктоо жана координацияланган ведомстволор аралык чара көрүү;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашырууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн формаларын жана методдорун иштеп чыгуу;
3) жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана талаптагыдай аткаруу.
6. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында жүзөгө ашырылуучу иштердин түрлөрү:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жалпылоо жана талдоо "Санариптик экономика" мамлекеттик программасынын алкагында тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерди өз убагында өз ара маалымдоо, жабыр тарткандарды кайра багыттоо, зомбулук жасаган адамдар менен иштөө;
4) үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына биргелешип чара көрүү;
5) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө катышуу;
6) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен оңдоп-түзөөчү программаларын ишке ашыруу жана программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
7) үй-бүлөлүк зомбулукту биргелешип алдын алуу.
3-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин координациялоо жана өз ара аракеттенүү тартиби
7. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) саналат.
8. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы мамлекеттик деңгээлде:
1) жылына эки жолудан кем эмес үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин жетекчилери менен координациялык кеңешмелерди өткөрөт жана координациялык кеңешмелердин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү чараларды иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча стратегиялык пландарга жана улуттук иш-аракеттер планына киргизет;
3) координациялык кеңешмелерде, жумушчу топтордо кароо үчүн материалдарды чогултат, жалпылайт жана талдайт жана аларды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерге жөнөтөт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине мониторинг жүргүзөт жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча алардын ишин өркүндөтүү үчүн сунуштарды жөнөтөт;
5) координациялык кеңешмелерде чараларды аткаруунун жана ишке мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын карайт жана үй- бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
6) үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү аймактык программалардын типтүү планын иштеп чыгат жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашыруу үчүн өз чечими менен бекитет;
7) ведомстволор аралык жана кеңейтилген жумушчу топторду түзөт;
8) менчигинин түрүнө карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерден, башка органдардан жана уюмдардан өзүнүн иши үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарга белгиленген тартипте суроо-талаптарды жөнөтөт жана алат;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерге методикалык, маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жана электрондук басылмаларга берет;
11) "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин ишин координациялоо республикалык деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин аймактык органдарынын жана ведомстволук мекемелеринин өз компетенцияларынын чегинде макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу менен ишке ашырылат.
10. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп облустук деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү деңгээлде - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары саналат.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
1) облус боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттерден үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана эсепке алууну жүзөгө ашырат жана облустук кеңешмелерде учурдагы кырдаалды талдоону карайт;
2) облустук кеңешмелерде кароо үчүн үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү аймактык программаларды аткаруу жөнүндө маалыматтарды чогултат жана талдайт, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерге натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштарды жиберет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер менен биргеликте маалыматтык жана агартуу иштерин уюштурат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынан жана социалдык өнүктүрүү, укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча жооптуу адамдарды аныктайт;
5) "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер менен өз ара аракеттенүүдө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) профилактикалык иш-чаралардын макулдашуусун, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, көрүлүп жаткан чараларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну координациялоо максатында райондук деңгээлде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү координациялоонун негизинде чечимдерди кабыл алат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңеш аркылуу координациялоону жүзөгө ашырат, анын курамына мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка органдардын жана алардын ыйгарым укуктарынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн финансылык, техникалык, методикалык жана башка жардамдын ар кандай түрлөрүн, анын ичинде башка органдар жана уюмдар менен тартышат;
4) райондук деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аймактык программаны иштеп чыгуу боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялайт, аны бекитет жана аткарылышын контролдойт;
5) маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин уюштурат жана координациялайт;
6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча окутууларды карайт;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер тарабынан чаралардын өз убагында кабыл алынышы жана ишке ашырылышы үчүн маалыматтарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт. Аймактык программаларды ишке ашырууда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер тарабынан милдеттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын угат жана аларды аткаруу үчүн зарыл болгон чараларды көрөт;
8) үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү иш-чараларды координациялоого жооптуу башчынын орун басарын аныктайт жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү ишти уюштурууга жоопкерчиликти жүктөйт.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга комплекстүү жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча биргелешкен пландарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды бөлүү жөнүндө жергиликтүү кеңештерге сунуш киргизет;
3) ведомстволор аралык координациялоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин өз ара аракеттенүүсү үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзөт жана алардын иштешин камсыз кылат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү комитеттердин ишин уюштурат;
5) үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу башка органдарды жана уюмдарды кошо алганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер менен алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшөт;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин бардык субъекттеринин арасында чара көрүү жана жабыр тарткан адамдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жардамдын комплексин көрсөтүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталгандыгы жөнүндө өз ара маалымат алмашууну уюштурат;
7) үй-бүлөлүк зомбулук жасалуу коркунучу болгондо ички иштер органдарына маалымдоону уюштурат жана макулдугу талап кылынбаган балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларын кошпогондо, жабыр тарткан адамдын макулдугу менен жабыр тарткан адамды жергиликтүү комитеттерге жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субъекттерге жөнөтөт;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субъекттер менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатат;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү программаларды ишке ашыруу үчүн кызматташууну жүзөгө ашырат жана инвестицияларды жана гранттарды тартат;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер менен өз ара аракеттенүүдө "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
11) орун басарды - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө иш-чараларды координациялоо боюнча жооптуу катчыны аныктайт жана ыйгарым укуктарынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишти уюштуруу жоопкерчилигин жүктөйт.
14. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңеш:
1) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын макулдашылган аракеттеринин негизинде, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди талкуулайт жана кабыл алат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, сактоо жана коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга жалпы координациялоону жана комплекстүү башкарууну камсыз кылат;
3) райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча артыкчылыктуу чараларды макулдашат жана аныктайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча иш- чаралардын пландарын жана долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн карайт жана талкуулайт;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер үчүн алдын алуу чараларын пландоо, өз ара аракеттенүү жана ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат.
15. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз ара аракеттенүүчү субъекттерди натыйжалуу координациялоо жана ыкчам чара көрүү максатында, жабыр тартуучулар жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар жөнүндө маалымат алмашуу үчүн, анын ичинде жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен мобилдик тиркемелерди жана мессенджерлерди колдонууга жол берилет. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ортосунда координациялоо ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын санариптик технологиялык программаларынын жардамы менен жүзөгө ашырылат.
16. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъект үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субъекттен суроо-талап алган учурда, суроо-талапты алуу ыкмасына жараша төмөнкү мөөнөттөрдө жооп берүүгө милдеттүү:
1) кагаз түрүндө - үч жумуш күндүн ичинде;
2) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу - жыйырма төрт сааттын ичинде.
4-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу системасы
17. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин өз ара аракеттенүүсү ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
18. Ыйгарым укуктуу органдын координациясы астында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер өздөрүнүн компетенциясынын чегинде алдын алуу чараларын жана алардын аткарылышынын индикаторлорун жылдык иш планына киргизет.
19. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер өз компетенциясынын чегинде алдын алуу чараларын ишке ашырат жана ведомстволор аралык иш-чараларды жүргүзөт.
20. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу системасы төмөнкү чаралардан турат:
1) үй-бүлөлүк зомбулукту жалпы алдын алуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча атайын иш-чаралар;
3) пробациялык көзөмөл;
4) үй-бүлөлүк зомбулукту виктимологиялык алдын алуу.
21. Үй-бүлөлүк зомбулукту жалпы алдын алуу чаралары үй-бүлөлүк зомбулукка өбөлгө түзүүчү факторлордун алдын алуу, зомбулукка карата коомдук сабырсыздыкты калыптандыруу, үй- бүлөлүк өз ара мамилелердин өнөктөштүк, урматтоо моделдерин илгерилетүү жана зомбулукка жол бербөө жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн иштелип чыгат.
22. Жалпы алдын алуунун артыкчылыктуу чаралары:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын алдын алуу, аныктоо жана аларга чара көрүү маселелери боюнча ведомстволор аралык окутууну уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;
2) ички иштер органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, юстиция органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка органдар үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка укуктук маалымат берүүнү, үй-бүлөлүк укуктар жана милдеттер маселелеринде калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууну жүзөгө ашырат;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, юстиция, билим берүү, социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, ички иштер органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка органдар зомбулуктун жол берилбестиги, анын дене бой жана психикалык ден соолук үчүн терс кесепеттери, жеткиликтүү жардам көрсөтүү кызматтары жана коргонуу механизмдери жөнүндө агартуучулук жана маалыматтык иштерди жүзөгө ашырат;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо башкармалыктары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка органдар үй-бүлөлүк жоопкерчиликти жогорулатуу, бакубат үй-бүлөлүк мамилелерди жана никенин позитивдүү моделдерин өнүктүрүү боюнча маалыматтык иш- чараларды жүзөгө ашырат жана зомбулуксуз жүрүм-турумдун көндүмдөрүн, жубайлардын жана үй-бүлөлүк мамилелердин сый- урматка негизделишин калыптандыруу жана үй-бүлөдөгү зомбулукту эрте аныктоо боюнча программаларды киргизет;
5) жалпыга маалымдоо каражаттары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субъекттер менен калктын зомбулук учурларына чара көрүү механизмдери, жабыр тарткан адамдардын укуктары, жардам алуу жолдору жана мамлекеттик коргоо чаралары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында өз ара кызматташат. Жалпыга маалымдоо каражаттары кесиптик ишинин жүрүшүндө белгилүү болгон үй-бүлөлүк зомбулук учурлары жөнүндө маалыматты мыйзамдын талаптарын сактоо менен мамлекеттик органдарга жеткирет. Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын чагылдырууда жабыр тарткан адамдардын жеке маалыматтарын коргоо жана алардын коопсуздугуна жана кадыр-баркына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтардын жайылтылышына жол бербөө камсыздалат.
23. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча атайын чаралар тобокелдик тобуна кирген адамдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо жана жекече профилактикалык таасир этүү жана зомбулукту болтурбоо үчүн иштелип чыгат. Чаралар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча төмөнкү субъекттердин ишин камтыйт:
1) социалдык камсыздоо башкармалыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулук коркунучу жогору болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо, үй-бүлөнүн социалдык муктаждыктарын баалоо, социалдык коштоо иштерин уюштуруу жана тобокелдик факторлорун төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү үчүн иш-чараларды ишке ашырат;
2) билим берүү уюмдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун белгилерин аныктоо, баланы коргоо жана анын коопсуздугун камсыз кылуу, зарыл жардамдарды көрсөтүү жана зомбулуктун кайталанган учурларын болтурбоо үчүн ички иштер органдары, социалдык камсыздоо жана медициналык уюмдар менен өз ара аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
3) ички иштер органдары укук бузуулардын алдын алуу боюнча башка субъекттер менен биргеликте өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулукту жекече алдын алуу планын - үй-бүлөлүк зомбулуктун болушун алдын алуу жана ага жол бербөө жана алдын алуучу таасир этүү максатында агрессивдүү жана зомбулук жүрүм-турумун көрсөткөн адам менен атайын алдын алуу субъекттеринин иш планын түзөт жана ишке ашырат;
4) саламаттык сактоо уюмдары үй-бүлөлүк зомбулук учурларын аныктоодо ички иштер органдары, социалдык камсыздоо башкармалыктары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен үй-бүлөлүк зомбулук учурларын аныктоодо аныкталган учурлар жөнүндө билдирүү жөнөтүү, жабыр тарткан адамдар жөнүндө маалымат берүү, атайын жардам көрсөтүү пландарын ишке ашыруу, ошондой эле жабыр тарткан адамдарды медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардам алуу үчүн багыттоо аркылуу өз ара аракеттенет. Маалымат берүү жабыр тарткан адамдын макулдугу менен жүргүзүлөт, балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын кошпогондо, алардын макулдугу талап кылынбайт;
5) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар жана адвокатура үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган учурлары жөнүндө маалымат алмашуу, ведомстволор аралык консультациялык жана координациялык механизмдерге катышуу, жабыр тарткан адамдарды жардам алуу үчүн жиберүү, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, ошондой эле биргелешкен маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүү аркылуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
24. Пробациялык көзөмөл үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу системасынын бир бөлүгү катары, үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталануусун алдын алуу, зомбулук жүрүм-турумун оңдоо максатында жүргүзүлөт жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча төмөнкү субъекттер тарабынан колдонулат:
1) пробация органдары үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга пробациялык көзөмөл жүргүзөт, социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жана зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп- түзөөчү программадан өтүүнүн жеке программасын эске алуу менен пробациялык көзөмөлдүн планын иштеп чыгат жана соттун чечимине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
2) жазаларды аткаруу органдары соттолгон адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүнү камсыз кылат жана рецидивдин алдын алуу үчүн пробация органдары менен өз ара аракеттенет.
25. Виктимологиялык алдын алуу жабыр тарткан адамдардын виктимдик жүрүм-турумуна багытталган, алардын виктимизацияланышына себеп болгон же ага өбөлгө түзгөн факторлорду жок кылуу, нейтралдаштыруу же азайтуу менен байланышкан жалпы социалдык жана атайын чаралардын системасы катары иштелип чыгат.
26. Виктимологиялык алдын алуу чаралары жабыр тарткан адамдардын виктимдик жүрүм-турумун калыптандыруучу факторлорду, жагдайларды жана кырдаалдарды аныктоо, четтетүү же нейтралдаштыруу, алардын кайрадан жабырлануу тобокелдигин төмөндөтүү жана виктимологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. Бул чаралар жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүчү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин өз ара аракеттенүүсү аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү тартибине ылайык жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн атайын программасын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылат.
5-глава. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иш алып барган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин өз ара аракеттенүү тартиби
27. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн жаза же өндүрүү чарасын дайындоо жөнүндө соттун актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин ички иштер органынын аймактык бөлүмү үч күндүк мөөнөттө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жерине зомбулук жасалгандыгы жөнүндө маалымат жиберет.
28. Сот тарабынан камакка алуу түрүндө жаза дайындалган жана оңдоп-түзөөчү программасынан өтүү түрүндө кошумча укуктук кесепеттер колдонулган учурда, ички иштер органынын аймактык бөлүмү, жаза чарасынын аткарылышы жөнүндө пробация органына кабарлайт жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын пробация органынын аймактык бөлүмүнө келүүсүн камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
29. Ички иштер органынын аймактык бөлүмү өндүрүп алуунун аткарылышы жөнүндө пробация органына кабарлайт жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программанын талаптарынын аткарышын контролдойт.
30. Жазаларды аткаруу органы, пробация органы негизги жаза жана зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндөгү кылмыш-жаза укуктук таасир этүү боюнча мажбурлоо чарасынын аткарылгандыгы жөнүндө сотко жана ички иштер органынын аймактык бөлүмүнө аткарылган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде маалымдайт.
31. Зомбулуктун кайталанышын алдын алуу максатында ички иштер органынын аймактык бөлүмү үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндө кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана аныктоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуучу, укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык профилактикалык таасир этүү чараларын жүзөгө ашырат.
6-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин иши тууралуу отчеттуулук
32. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жыл сайын 15-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү өзүнүн иши жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө жалпыланган жылдык отчетту жана маалыматты үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган формага ылайык берет.
33. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана башка органдар, уюмдар жыл сайын 20-декабрга чейин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү өзүнүн иши жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иши жөнүндө жалпыланган отчетту жана маалыматты үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
34. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 25-январдан кечиктирбестен маалыматтарды чогултат, талдайт, жалпылайт жана жалпы отчетту өзүнүн ведомстволук сайтында жарыялайт.
7-глава. Контролдоо, баалоо жана жоопкерчилик
35. Ушул Тартиптин ишке ашырылышын контролдоону республикалык, облустук, райондук жана жергиликтүү деңгээлдердеги ыйгарым укуктуу органдар жүзөгө ашырат.
36. Координациялоонун жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун, кабыл алынган чаралардын ишке ашырылышын баалоо жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
37. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин кызмат адамдары ушул Тартиптин функцияларын жана талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, мыйзамсыз аракеттерди (же аракетсиздикти) жасагандыгы үчүн эмгек мыйзамдарына ылайык тартип жоопкерчилигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган башка жоопкерчиликке тартылат.