Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 22-апрели № 276-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо, ата мекендик өндүрүштөгү зергердик буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, зергерчилик өнөр жайынын субъекттеринин өндүрүштүк кубаттуулуктарын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун 4-пунктчасын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Долбоорду ишке ашыруу үчүн "АБанк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдорунун кредиттик продуктулары боюнча пайыздык ставкаларды жана номиналдык жылдык пайыздык маанидеги кошмо бааны/кирешени (мындан ары – кошмо баа) субсидиялоого 87100000,0 (сексен жети миллион бир жүз миң) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын;
3) кийинки жылдарга Долбоорду каржылоону карасын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттерди жана ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2027-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө натыйжаларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
5. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга субъекттерге кредит берүүдө жана ислам принциптерине ылайык каржылоодо комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өз компетенциясынын чегинде Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттерди жана ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |