Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 276-т тескемесине) |
"Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашыруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу, продукцияны чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү жана ата мекендик зергердик буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон өндүрүштүк кубаттуулукту модернизациялоо жана жаңылоо үчүн аларды жеңилдетилген каржылоо менен камсыз кылууга багытталган зергерчилик тармагынын ата мекендик ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор зергерчилик өндүрүшүнө модернизация жүргүзүүгө ата мекендик ишканаларга жеңилдетилген кредиттерди берүү жана ислам принциптерине ылайык каржылоо жолу менен ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Долбоордун наркы - 1000000000,0 (бир миллиард) сом.
4. Субсидиялоо суммасы - 87100000,0 (сексен жети миллион бир жүз миң) сом.
5. Каржылоо булактары:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 87100000,0 (сексен жети миллион бир жүз миң) сом суммасындагы каражаттар;
- "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун 500000000,0 (беш жүз миллион) сом суммасындагы, "АБанк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - банктар) 500000000,0 (беш жүз миллион) сом суммасындагы каражаттары.
6. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2026-жылдын апрели.
7. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банктардын кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды жана ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо бааны субсидиялоого республикалык бюджеттен каражаттарды өз убагында бөлүү бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар жана башка субъекттер.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
8. Долбоордун алкагында 2026-жылдын ичинде банктар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында зергерлердин атайын эсебине киргизилгендиги жөнүндө ырастоочу документти көрсөткөн учурда жабдууларды модернизациялоо жана сатып алуу үчүн жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеңилдетилген кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан банктардын кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды жана ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо бааны республикалык бюджеттин каражаттарынан жылдык 9,67 пайыз ставка боюнча субсидиялоону камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Кредиттерди берүү жана башкаруу жана ислам принциптерине ылайык каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын жана банктардын ички ченемдик документтеринин талаптарына ылайык аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
11. Берилген кредиттерди кайтаруу жана каржылоо боюнча бардык тобокелдиктерди банктар көтөрөт, зайымчыларды тандоо алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
12. Банктар Долбоордун шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
13. Долбоорго катышкан банктар төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда зайымчыларга кредит берүүгө же аларды каржылоого милдеттүү:
- каржылоо субъекттери: зергердик буюмдарды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, жеке ишкерлер;
- багыты: жабдууларды модернизациялоо жана сатып алуу;
- суммасы: 90000000 (токсон миллион) сомго чейин;
- кредиттин мөөнөтү: 60 ай;
- камсыздоо: күрөөлүк негизде;
- субсидиялоо ставкасы: жылдык 9,67 пайыз;
- акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка: жылдык 6 пайыз;
- жеңилдетилген мезгил: 180 күн.
2-глава. Долбоордун ишке ашырылышын баяндоо
14. Банктар Долбоор күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө кредит берүүнүн жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун көлөмүн жана субсидиялоонун сунушталган ставкасын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүгө тийиш, мында субсидиялоо ставкасы жылдык 9,67 пайыздан ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
15. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында банктар жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат такталарында жана расмий сайттарда Долбоор боюнча кредит берүүнүн жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун шарттары жөнүндө маалыматты жарыялоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
16. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн банктар кредит берүүнүн жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялардын суммасын эсептөөнү эсептик коэффициенттерге ылайык жүргүзөт жана банктарга субсидиялардын траншын которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык план даярдайт.
18. Субсидиялардын траншы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан банктардын алыш-бериш эсептерине республикалык бюджеттин каражаттарынан которулат.
19. Банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилген кредиттер жана ислам принциптерине ылайык каржылоо жөнүндө маалымат берип турат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
20. Долбоордун каражаттарын өз убагында өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Долбоордун каражаттарынын лимитин банктар арасында бир тараптуу тартипте кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.
3-глава. Субсидияларды эсептөө
21. Банктардын чыгымдарын жабуу үчүн пайыздык ставка жана номиналдык жылдык пайыздык маанидеги кошмо баа/киреше боюнча субсидияларды берүүдө эсептик коэффициент жылдык 9,67 пайызды түзөт.
60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер жана ислам принциптерине ылайык каржылоо үчүн субсидиялоонун жалпы коэффициенти 26,98 пайызды түзөт, анын ичинен бир бөлүгү 8,71 эсептик коэффициенти боюнча 2026-жылга, бир бөлүгү – 8,34 эсептик коэффициенти боюнча 2027-жылга, бир бөлүгү – 5,46 эсептик коэффициенти боюнча 2028-жылга, бир бөлүгү – 3,31 эсептик коэффициенти боюнча 2029-жылга, бир бөлүгү – 1,16 эсептик коэффициенти боюнча 2030-жылга которулат.
Акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка/номиналдык жылдык пайыздык маанидеги кошмо баа/киреше жылдык 6 пайызды түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
22. Субсидиялоо суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Жылдык 9,67 пайызды түзгөн субсидиялоо ставкасы орточо өлчөнгөн 15,67 пайыздык ставкада өзгөрүүсүз калат.
4-глава. Субсидияларды которуу
23. Эсептик формулага ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан банктарга республикалык бюджеттин каражаттарынан беш транш менен которулат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынан эсептик формулага ылайык аныкталган субсидиялардын суммаларын беш транш менен финансы-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине которот, анын ичинде:
1) биринчи транш - финансы-кредиттик мекемелер тарабынан 2026-жыл үчүн иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун суммасына, субсидиялар ар бир жылдын аягында которулат;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
24. Банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөөлөрдү жүргүзгөн зайымчылардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр жөнүндө толук маалыматты берүүгө милдеттүү.
Банктар субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарына өтүнмөлөрдү берүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөнгөндөрүн эсептен чыгаруу менен кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону эске алат.
Банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер жана ислам принциптерине ылайык каржылоо жөнүндө берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
25. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону алуучулардын каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
Башка өлкөлөрдөн жабдууларды берүү учурунда зайымчылар үч айдын ичинде банктарга кредиттик каражаттардын жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун максаттуу пайдаланылганын ырастаган документтерди берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
26. Көрсөтүлгөн тобокелдикти минималдаштыруу банктар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
27. Зайымчы жеңилдетилген кредитти же ислам принциптерине ылайык каржылоону максатсыз, анын ичинде атайылап пайдаланган факты аныкталган учурда кредит боюнча пайыздык ставка же ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо баа/киреше кредит же каржылоо берилген датадан тартып банктардын өздүк ресурстарынын эсебинен берилүүчү колдонуудагы кредиттик продуктуларында же банктардын ислам принциптерине ылайык каржылоо продуктуларында каралган өлчөмдө белгиленет. Банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мурда которулган субсидиялардын суммаларын толук көлөмдө кайтарып берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
28. Банктар тарабынан субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өз компетенциясынын чегинде Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
29. Табигый катаклизмдерге байланышкан зайымчылар тарабынан кредиттердин жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун кайтарылбай калуу тобокелдиги пайда болгон учурда банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аны минималдаштыруу боюнча чараларды өз алдынча көрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
6-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
30. Жеңилдетилген кредиттик каражаттарды жана ислам принциптерине ылайык каржылоону пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында банктар жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына зайымчылар тарабынан кредиттик каражаттардын жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр боюнча берет:
– жеңилдетилген кредитти жана ислам принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылардын саны;
– сатып алынган жана модернизацияланган жабдуулардын көлөмү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
31. Долбоордун алкагында зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн ишинин натыйжалуулугуна мониторинг, талдоо жана баалоо жүргүзүү төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
Башка өлкөлөрдөн жабдууларды берүү учурунда кредиттик каражаттардын жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун максаттуу пайдаланылганын ырастоо мөөнөтү үч айга чейин белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
32. Каражаттардын максаттуу пайдаланылышына жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү максатында банктар кредиттик келишимдерге жана ислам принциптерине ылайык каржылоо келишимдерине зайымчынын банктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыктоого жана тартылган мамлекеттик органдарга берүүгө макулдугу жөнүндө шартты киргизет. Бул макулдук Долбоордун алкагында ишке ашыруу жана контролдоо үчүн зарыл болгон келишим боюнча маалыматтын бүткүл көлөмүнө жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)