ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майы № 355 «Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартибин, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана мындай дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо технологияларына карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция20.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 20-майы № 355

 

 

Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартибин, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана мындай дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо технологияларына карата талаптарды бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 48-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартиби, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана мындай дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо технологияларына карата талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев