Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында
жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын
кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ар айлык
үстөктөрдү төлөө үчүн эмгек стажын белгилөө жана эсептөө
тартиби
1-глава. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн үстөк алууга укук берүүчү иш стажын эсептөө
2-глава. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн эмгек акыга пайыздык үстөктөрдү эсептөө жана төлөө тартиби
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ар айлык үстөктөрдү төлөө үчүн ошол жердеги иш стажына ылайык эмгек стажын белгилөө жана эсептөө эрежелерин аныктайт.
1-глава. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн үстөк алууга
укук берүүчү иш стажын эсептөө
1. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн ар айлык пайыздык үстөк алууга укук берген иш стажына менчигинин түрүнө карабастан ушундай зоналарда жайгашкан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иштеген бардык убакыт киргизилет.
2. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн кызматтык маянасына үстөк алууга укук берүүчү иш стажына бала бир жарым жашка толгонго чейин аны багуу боюнча жарым-жартылай акы төлөнүүчү өргүүнүн жана ал үч жашка чыкканга чейин баланы багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүүнүн убактысы да киргизилет.
2-глава. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн эмгек акыга
пайыздык үстөктөрдү эсептөө жана төлөө тартиби
3. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк кызматкердин негизги иши боюнча кызматтык маянасына үстөктөрдүн жана кошумча акылардын бардык түрлөрүн эсепке албастан эсептелет.
Үстөктүн өлчөмүнө таасир этүүчү иш стажы календардык айдын ичинде өзгөргөндө үстөктүн жаңы өлчөмү ушул өзгөрүүдөн кийинки айдын 1инен баштап белгиленет.
Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөктү төлөө өткөн ай үчүн эмгек акы берилген күнү белгиленген өлчөмдө жүргүзүлөт.
4. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге сакталган орточо эмгек акыны эсептөөдө (өргүү мезгилинде, мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууда, убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде, мамлекеттик пенсия дайындоодо) эске алынат.
5. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн ар айлык пайыздык үстөк төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Комиссиянын курамы ишкананын, уюмдун, мекеменин жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
6. Эмгек стажын аныктоо үчүн негиз болуп эмгек китепчеси эсептелет. Эмгек китепчеси жок болсо жана эмгек китепчесинде зарыл жазуулар болбосо же иштеген мезгили жөнүндө так эмес жазуулар камтылса, эмгек стажын ырастоо үчүн маалымкаттар, буйруктардын көчүрмөлөрү, иштеген мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган өздүк эсептер кабыл алынат. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк алууга укук берген эмгек стажын ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. Бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк алууга укук берүүчү иш стажын белгилөө жөнүндө комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
Комиссиянын чечиминен көчүрмөлөр: бухгалтерияга – бийик тоолуу зоналарда иштегендиги үчүн ар айлык үстөктү эсептөө үчүн жана кадрлар бөлүмүнө – кызматкердин өздүк ишине кошуу үчүн берилет.