Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-февралы № 8
Социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунуштала турган чакан долбоор тууралуу
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы кезектеги 14-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администра-ция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамына, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун 18-февраль 2026-жылдагы протоколуна, коомдук угуунун жыйнтыгына таянып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып тиркемедеги тизме боюнча айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө толуктоолор киргизилсин ошону менен бирге, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн төмөнкү чакан долбоор артыкчылыктуу деп белгиленсин.
2. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы:
Таш-Кудук айылына бала бакча куруу
3. Экономикалык төмөнкү багыт артыкчылыктуу деп табылсын.
Жүн иштетүү
4. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
1. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн.
2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда, жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын.
3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
4. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын
Төрага |
| А.Коккозов |