Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 6-июну № 200
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
5-июнундагы № 177 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 177 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө жободо:
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61, 62-пунктчалар менен толукталсын:
«61) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, тескемелеринин жана айрым тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
62) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча ири тармактык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;»;
– 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61, 71-пунктчалар менен толукталсын:
«61) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтерине, административдик ведомстволоруна жана башка мамлекеттик органдарына тапшырмаларды жөнөтүүгө;
71) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар тарабынан оперативдүү чара көрүү үчүн көйгөйлүү маселелерди түшүндүрүү жана изилдөө максатында региондордун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүгө;».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 42 (3802) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |