Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 355 токтомуна тиркеме |
Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип
ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда
алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартиби, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана
мындай дайындарды биометрикалык дайындардын
мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо технологияларына карата талаптар
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартиби, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана мындай дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо технологияларына карата талаптар (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык дайындарын биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды, ошондой эле биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоонун материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана технологияларына карата талаптарды аныктайт
2. Бул Тартиптин жоболору биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда иштеп чыгууда, ошондой эле биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары материалдык алып жүрүүчүлөрдө сактоодо жана иштеп чыгууда колдонуу үчүн милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык дайындарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, ушул Тартипке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Биометрикалык дайындарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 78-беренесинде белгиленген принциптерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Бул Тартипте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы (мындан ары – мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы) – Кыргыз Республикасынын жарандарын санариптик идентификациялоону жана аутентификациялоону камсыз кылуучу санариптик технологиялык система. Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө, мамлекеттик санарип сервистерин алууда жана берүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын санариптик аутентификациялоо үчүн түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда гана башка максаттарда колдонулушу мүмкүн;
2) биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсу – ээси Кыргыз Республикасы болгон, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасынын алкагында сакталуучу жана иштелип чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык дайындарынын жыйындысы;
3) тармактык жөнгө салуучу – жеке дайындар чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана аларды иштеп чыгууну контролдоо функциялары жүктөлгөн жеке дайындар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
4) биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси – Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын калкын каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан;
5) биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун техникалык оператору – биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээсинин карамагындагы, биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсун техникалык коштоону, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм;
6) иштеп чыгуучу – санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти, ага башка субъекттер келишимдин же укуктук актынын негизинде санарип жазмаларды иштеп чыгууну, санарип технологиялык системаларды эксплуатациялоону же санарип сервистерин берүүнү, ошондой эле санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине кирүү мүмкүнчүлүгүн тапшырган;
7) колдонуучу – санарип жазмаларына, санарип ресурстарына, санарип сервистерине же технологиялык системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн сурап алуучу же жүзөгө ашыруучу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
8) ыйгарым укуктуу адам – санарип сервисте катталган жана өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде биометрикалык дайындар менен иштөөгө уруксат берилген кызматкер;
9) санарип сервистин администратору – биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээсинин же иштеп чыгуучунун санарип технологиялык системасын эксплуатациялоо жана ыйгарым укуктуу адамдардын санарип сервистерге кирүү мүмкүнчүлүгүн башкаруу үчүн жооптуу кызматкери, өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде эсептик жазууларды, паролдорду жана аутентификациялоонун башка каражаттарын түзүүнү, өзгөртүүнү, бөгөттөөнү жана жокко чыгарууну жүзөгө ашыруучу;
10) биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрү – санарип же башка формадагы биометрикалык дайындарды камтыган маалыматтардын физикалык алып жүрүүчүлөрү (чыгарылуучу дисктер, USB-сактагычтар, оптикалык дисктер, кагаз алып жүрүүчүлөр жана алып жүрүүчүлөрдүн башка түрлөрү).
Бул Тартипте колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган мааниде жана мазмунда түшүнүлөт жана колдонулат.
3-глава. Биометрикалык дайындардын коопсуздугун
камсыз кылуу боюнча чаралар
6. Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасында биометрикалык дайындарды иштеп чыгуу шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө, мамлекеттик санарип сервистерин алууда жана берүүдө аларды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун базасында сакталган биометрикалык дайындар менен салыштыруу жолу аркылуу конкреттүү физикалык жакты санарип аутентификациялоо максатында гана жол берилет.
Башка максаттарда Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, терроризмге каршы аракеттенүү, ыкчам-издөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу башка учурларда гана колдонулушу мүмкүн.
7. Физикалык жактардын биометрикалык дайындарын санарип идентификациялоо максатында, аларды дайындар базаларындагы бардык биометрикалык дайындар менен салыштыруу жолу менен иштеп чыгууга тыюу салынат.
8. Биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар биометрикалык дайындарды мыйзамсыз, уруксатсыз жана кокусунан кирүүдөн, агып кетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, таратуудан, ошондой эле алардын бүтүндүгүнө, купуялуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө таасир эте турган башка коркунучтардан жана инциденттерден коргоого багытталган.
9. Биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдет биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээсине жана биометрикалык дайындарды иштеп чыгуучуга жүктөлөт.
Биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүчү маалыматты коргоонун сертификацияланган каражаттары колдонулат.
10. Маалыматты коргоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 327 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык тармактык жөнгө салуучу тарабынан сертификацияланууга тийиш.
11. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси жана биометрикалык дайындарды иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу иштеп чыгуучу биометрикалык дайындарды коргоо боюнча чараларды, анын ичинде уюштуруучулук жана техникалык чараларды, инциденттерге чара көрүү чараларын, ошондой эле ыйгарым укуктуу адамдарды жана санарип сервистин администраторун окутуу боюнча чараларды иштеп чыгууга, киргизүүгө жана колдоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн чаралар жылына бир жолудан кем эмес же ченемдик талаптар, дайындарды иштеп чыгуу технологиялары же аларды пайдалануу шарттары өзгөргөндө кайра каралууга жана жаңыртылууга тийиш.
Коргоо чаралары иштелип чыгуучу биометрикалык дайындардын тибине, ыкмасына жана көлөмүнө, алардын коопсуздугуна болгон коркунучтардын деңгээлине ылайык келүүгө, ошондой эле биометрикалык дайындарды коргоо жаатындагы эл аралык стандарттардын талаптарын эске алууга тийиш.
12. Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасында жана биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген жеке дайындардын корголуу деңгээлине ылайык санарип технологиялык системаларда жеке дайындарды иштеп чыгууда аларды коргоо боюнча талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
13. Иштеп чыгуучу биометрикалык дайындарды иштеп чыгууну укуктук актынын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырат, анда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда иштеп чыгуучу аткаруучу функциялардын тизмеси (чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, өзгөртүү, жок кылуу жана башка аракеттер) милдеттүү түрдө аныкталышы керек.
14. Колдонуучу санарип жазууларга жана санарип ресурстарга кирүү мүмкүнчүлүгүн биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси жана/же иштеп чыгуучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде сурайт же жүзөгө ашырат.
15. Ыйгарым укуктуу адамдарга биометрикалык дайындарды иштеп чыгууга уруксат берүү алар санарип сервисте катталгандан жана идентификациялоонун жеке каражаттарын колдонуу менен санарип аутентификациялоо жол-жобосунан өткөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат.
16. Ыйгарым укуктуу адамдарды санарип сервисинде каттоо жана жеке эсептик дайындарды ыйгаруу санарип сервисинин администратору тарабынан жүзөгө ашырылат.
17. Санарип сервисинин администратору биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси же иштеп чыгуучу тарабынан белгилеген тартипте биометрикалык дайындар менен иштөө үчүн уруксаттын тиешелүү формасын алат.
Санарип сервисинин администраторунун биометрикалык дайындарга жеткиликтүүлүгү анын кызматтык милдеттеринин чеги менен гана чектелет.
18. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси, иштеп чыгуучу жана биометрикалык дайындарды колдонуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) биометрикалык дайындарга жеткиликтүүлүктү ыйгарым укуктуу адамдарга гана берүүгө;
2) ыйгарым укуктуу адамдарды биометрикалык дайындарды коргоо маселелери боюнча жылына бир жолудан кем эмес системалуу окутууну камсыздоого, анын ичинде биометрикалык дайындар менен иштөөгө уруксат берилгенде милдеттүү инструктаж жүргүзүүгө, кийин ыйгарым укуктуу адамдардын билимин жана компетенцияларын текшерүүгө жана анын натыйжаларын документ менен ырастоого;
3) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 82-беренесинде каралган талаптарга ылайык биометрикалык дайындарды коргоого таасир этүүнү баалоого;
4) ыйгарым укуктуу адамдардын жеткиликтүүлүгүн, идентификациялоону жана аутентификациялоону контролдоо каражаттарын (жеке логиндер, паролдор, көп факторлуу аутентификациялоо) колдонууга.
19. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээсинин жана иштеп чыгуучунун биометрикалык дайындардын коопсуздугу менен байланышкан инциденттерге чара көрүү боюнча милдеттери:
1) биометрикалык дайындардын коопсуздугунун бузулушу менен байланышкан инциденттерди аныктоо, белгилөө жана каттоо;
2) инциденттердин кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу боюнча чараларды көрүү;
3) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 63-беренесинде каралган тартипте жана шарттарда инцидент жөнүндө тармактык жөнгө салуучуга билдирүү.
20. Биометрикалык дайындар менен иштөөгө уруксат берүү ыйгарым укуктуу адамдар окуудан жана инструктаждан өткөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат.
Бөтөн адамдардын биометрикалык дайындарды иштеп чыгуу үчүн арналган жабдуулардын комплектине кирүүсүнө катуу тыюу салынат.
21. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) чогултууда, иштеп чыгууда, берүүдө жана сактоодо биометрикалык дайындарды уруксатсыз окуу, көчүрүү, өзгөртүү, жайылтуу, бөгөттөө, жок кылуу жана башка ар кандай мыйзамсыз таасир этүүгө;
2) үчүнчү жактарга биометрикалык дайындарды берүү, жеткирүү, сактоо жол-жобосу жана коргоо каражаттары жөнүндө маалыматты жайылтууга;
3) биометрикалык дайындар камтылган материалдык алып жүрүүчүлөрдү же жабдуулардын комплектин үчүнчү жактарга берүүгө.
22. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси, иштеп чыгуучу жана биометрикалык дайындарды колдонуучу биометрикалык дайындар менен болгон бардык операцияларды, анын ичинде аларды көрүүнү каттоочу, мурдагы дата менен өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эместигин камсыз кылуу менен автоматтык санарип журналды (логду) жүргүзүүгө милдеттүү.
23. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган мыйзамдуу негиздер болгондо гана жол берилет.
4-глава. Материалдык алып жүрүүчүлөргө жана
биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип
ресурсунан тышкары сактоо технологияларына
карата талаптар
24. Биометрикалык дайындарды материалдык алып жүрүүчүлөрдө берүүгө аларды корголгон телекоммуникациялык байланыш каналдары аркылуу берүүнүн документтештирилген техникалык мүмкүн эместиги болгон учурларда гана жол берилет. Берүүнүн техникалык мүмкүн эместиги фактысы себептерин, датасын жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен тиешелүү акт менен таризделүүгө тийиш.
25. Биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо санарип кол тамганын же материалдык алып жүрүүчүгө жазылган биометрикалык дайындардын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуучу башка санарип технологиялардын каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
26. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси, иштеп чыгуучу материалдык алып жүрүүчүлөрдү берүүнү жана кайтарууну каттоону жүзөгө ашырат.
27. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси жана иштеп чыгуучу материалдык алып жүрүүчүлөрдүн санын эсепке алууну, ар бир мындай алып жүрүүчүгө тиешелүү материалдык алып жүрүүчүгө биометрикалык дайындарды жазууну жүзөгө ашырган адамды аутентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу уникалдуу идентификациялык номер ыйгаруу менен жүзөгө ашырат.
28. Биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары материалдык алып жүрүүчүлөрдө резервдик сактоо биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси, иштеп чыгуучу тарабынан бул алып жүрүүчүлөргө мыйзамсыз же кокусунан жеткиликтүүлүктү, дайындарды жок кылууну, өзгөртүүнү, көчүрүүнү, бөгөттөөнү жана таратууну болтурбоочу дайындарды коргоо технологиясын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
29. Материалдык алып жүрүүчүлөрдү колдонууда төмөнкүлөр камсыз кылынат:
1) маалыматты уруксатсыз кайталап жана кошумча жазуудан коргоо;
2) материалдык алып жүрүүчүдө камтылган маалыматтарга ыйгарым укуктуу адамдын гана жеткиликтүүлүгү;
3) жазууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу адамды аутентификациялоо.
30. Биометрикалык дайындарды камтыган материалдык алып жүрүүчүлөр андагы дайындарды милдеттүү шифрлөөгө жатат жана башка максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес.
31. Материалдык алып жүрүүчүлөрдө биометрикалык дайындарды сактоо мөөнөтү биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси ийгиликтүү көчүрүп (жүктөп) алган учурдан тартып аяктайт, бирок биометрикалык дайындар материалдык алып жүрүүчүлөргө жазылган күндөн тартып 30 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Материалдык алып жүрүүчүлөрдөн биометрикалык дайындарды өчүрүү санарип сервистин администратору тарабынан милдеттүү түрдө биометрикалык дайындарды өчүрүү жөнүндө акт түзүлүү менен жүргүзүлөт.
32. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси жана иштеп чыгуучу биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүн инвентаризациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат.
33. Биометрикалык дайындарды материалдык алып жүрүүчүлөрдө берүүдө маалыматты уруксатсыз жазуудан, өзгөртүүдөн, көчүрүүдөн же жок кылуудан коргоону камсыз кылуучу чаралар колдонулушу керек, анын ичинде дайындардын аныктыгын жана бүтүндүгүн ырастоо үчүн санарип кол тамганы, ошондой эле маалыматты коргоонун сертификацияланган каражаттарын колдонуу.
34. Биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүн берүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) атайын даярдалган жана пломбаланган сейф-пакеттерде;
2) дайындардын тизмесин жана жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматты камтыган коштоочу документтер (өткөрүп берүү актылары) менен;
3) биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнүн сакталышын жана үчүнчү жактардын уруксатсыз жетүүсүн болтурбоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу адамдын жана коопсуздук кызматынын кызматкеринин милдеттүү коштоосунда, атайын же кызматтык транспортту колдонуу менен.
35. Биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүн берүүнү эсепке алуу жана каттоо биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси жана/же иштеп чыгуучу бекиткен тартипте жүргүзүлөт.
5-глава. Корутунду жоболор
36. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсу Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык корголот.
37. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси, иштеп чыгуучу жана биометрикалык дайындарды колдонуучу биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
38. Бул Тартиптин талаптарынын сакталышын контролдоону жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.