Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-февралы № 15
Акназаров айыл аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы кезектеги 14-сессиясы Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-беренесине жана 76-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 76-бере-несинин 2-бөлүгүнө ылайык, ишкердик ишке багытталган имараттары бар жеке ишкер-лер жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык мекеме-лерде иштеген ар бир иштөөчүгө таштандыларды ташып чыгаруу учүн жыйымдын ставкасы 1 жылга 50 (элүү) сом деп бекитилсин.
2. Жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөттөрү (FORM STI-158) учурдагы жылдын 1-апрелине чейин деп бекитилсин. Ал эми учурдагы жылдын 1-апрелинен кийин жаңы катталган субьекти учүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык төлөөчүнүн реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20 сынан кечиктирбестен калктуу конуштардын таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын эсебин бекитилген формага (FORM STI-158) ылайык тапшыруу бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберилип ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул толктом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Коккозов |