Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели № 297
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу, генерациялоочу кубаттуулуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, керектөөнүн эң жогорку сааттарында энергетика системасына жүктөмдү азайтуу, сутканын убактысына жараша дифференциацияланган тарифтерди колдонууну кеңейтүү аркылуу тарифтик саясатты өркүндөтүү максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 4-тиркемесинде:
- 8-пункттагы "Калк" керектөөчүлөр тобу" деген сөздөр "Калк", "Электр мобилдерди кубаттоо станциялары", "Өнөр жай керектөөчүлөрү" жана "Коммерциялык керектөөчүлөр" керектөөчүлөр топтору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Электр менен камсыздоочу уюмдун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда керектөөчү (абонент) төмөнкү шарттар аткарылган учурда аны менен керектелүүчү электр энергиясынын бардык көлөмүнө дифференциацияланган тарифти колдонуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу:
1) "Электр мобилдерди кубаттоо станциялары", "Өнөр жай керектөөчүлөрү" жана "Коммерциялык керектөөчүлөр" топторунун керектөөчүлөрү үчүн керектелген электр энергиясынын жалпы көлөмү үчүн төлөм убакыттын ошол мезгилинде колдонулган тариф боюнча эсептелет. "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн айына 700 кВт саатка чейин керектөө көлөмү үчүн белгиленген тарифти колдонбостон, керектөөнүн 1-кВт саатынан тартып айына 700 кВт сааттан ашкан керектөөдө белгиленген тариф боюнча эсептелет;
2) керектөөчү сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер боюнча электр энергиясынын бардык керектелген көлөмүн төлөөгө милдеттенет:
- түнкү зона үчүн коэффициент (00:00дөн 06:00гө чейин) - 0,75;
- күндүзгү зона үчүн коэффициент (09:00дөн 18:00гө чейин жана 21:00дөн 00:00гө чейин) - 1,0;
- максимум сааттарда коэффициент (06:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин) - 1,5.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |