Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы №1
Арстанбап-Ата айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
септөө комиссиясынын №3-протоколу менен таанышып жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын Арстанбап-Ата айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Абдухалилов Жасурбек Минполотович Арстанбап-Ата айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Хаитбаев И. |