Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы №2
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин
төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3/1-протоколу бекитилсин.
2. Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Мамарасулов Абдилаким Андашович жана Заирбек уулу Замирбек шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.М.Абдухалилов |