Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы №3
Өкүлчүлүктүү жыйындын убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ№271 Жарлыгын аткаруу максатында, Элдик курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү жана уюштуруу үчүн өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана өкүлчүлүктүү жыйындын убактысын жана өткөрүү жерин аныктоо боюнча Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүдө Элдик курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу практикалык иш-чаралардын календардык планынын негизинде 2024-жылдын 7-декабрында Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.М.Абдухалилов |